1-февралда кээ бир тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
3-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 3-февралда күндүз жана 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 4-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо ашууларында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
5-февралда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
6-7-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу
6-7 февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.
1-3-февралда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
1-2-февралда жана 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-февралда күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
1-3-февралда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы
1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-февралда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ