Menu

Жогорку Кеӊеште Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-январда Жогорку Кеӊештин Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышуусунда өткөн кезектеги жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептери, анын кесепеттерин жоюу жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе талкууланды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу жыйынтыгында “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому негиз катары кабыл алды. Ошондой эле, Өкмөткө тезинен авариянын себептерин аныктоо жана анын кесепеттерин жоюу, экономикалык чыгымдын көлөмүн аныктоо, ага юридикалык баа берүү, айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

Андан тышкары, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ал депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети да кечээ Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрүп, депутаттар тобу түзүлгөн абал менен жеринен таанышуу менен, мамлекеттик органдарга мында түзүлгөн кырдаалды калыбына келтирүү боюнч бир катар тапшырмаларды берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: