Menu

Депутат И.Өмүркулов: “Бишкек ЖЭБинде болгон авария уюштуруу, көзөмөлдөө иштеринин жоктугунан – шалаакылыктан болуп жатат”

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланып жатат. Жыйынга биринчи Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.

Жыйында КР Премьер-министр Сапар Исаков эч качан өзүнөн жоопкерчиликти алып салбай турганын, ошентсе да авариянын башкы себептеринин бири акча каражаттарынын тартыштыгына барып такаларын, ал эми мындай жагымсыз кырдаалдын түзүлүшүнө түздөн-түз күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароого тапшырма берилгенин баса белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин, анын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чараларды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлөт.

“Бишкек ЖЭБинде болгон авария уюштуруу иштеринен кеткен. Тишелүү мекемелердин жетекчилеринин уюштуруу, көзөмөлдөө иштеринин жоктугунан – шалаакылыктан болуп жатат”,- деген депутат Иса Өмүркулов авария башынан аягына чейин тыкыр иликтениши керектигин айтты. Депутат Алтынай Өмүрбекова баардык көйгөй энергетика секторундагы башкаруу түзүмүндө болуп жаткандыгына токтолду.

Депутат Кожобек Рыспаев буга чейин эле буу казандардын жаңысын иштетип, эскисин ремонттоп резервге койсо болмок деп маселени кабыргасынан койду. КР өкмөт башчысы Сапар Исаков мындай иштердин баары иликтөөнүн жыйынтыгында ачыкка чыгаарын айтты.

Жыйын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков Энергетика министрлигин кайра түзүү сунушу менен чыкса, депутат Асылбек Жээнбеков маселе башкаруу кризисинде болуп жатканын белгиледи.

 

Талкууда депутат Мирлан Жээнчороев суук айтылып жаткандай анамалдуу деле эместигин, Бишкек ЖЭБиндеги айрым жабдуулар эски деген туура эместигин айтып, бул окуяга шалаакылык кылгандарды дыкаттык менен жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирди. Ал эми депутат Алмазбек Токторов энергетика секторунда, ЖЭБде башкаруучулар көп болгону ачыкталганына токтолуп, КР Өкмөтүн бирдиктүү команда катары иштөөгө чакырды.

Депутат Кожобек Рыспаев Бишкек ЖЭБинде модернизация толук аягына чыкпаганына андагы химиялык тазалоо бөлүгү бүтпөгөнүн мисалга тартса, депутат Бакыт Төрөбаев Айбек Калиевдин “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКсынын алдына коюлган максаттарына жеткире албагандыгын сынга алды. Мындан сырткары, бир катар депутаттар КР Өкмөтүн бир эле энергетика системасында эле эмес, жалпы эле тармактардагы кадр маселесине олуттуу мамиле жасоого үндөштү.

Депутат Чыныбай Турсунбеков маселе балким менеджментте болуп жаткандыр деп, Нарын шаарындагы жылуулук мекемесинин жетекчиси карызга баткан ишкананы кантип алдыга алып чыгаргандыгын мисалга тартты. Ошону менен катар Ч.Турсунбеков Бишкек ЖЭБиндеги аварияны өлкө башчысы түзсө деген сунушун билдирди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: