Menu

Эл өкүлдөрү “Региондорду өнүктүрүү” жылына байланыштуу аймактардын бир катар маселелерин тизмектешти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында жер-жерлердеги чечилиши талап кылынган маселелер Өкмөттүн астына коюлду.

Депутат Пархат Тулендыбаев “Региондорду өнүктүрүү” жылына байланыштуу айылдар менен кошо чет өлкөлөрдө дагы бир топ суроо-талапка жараткан адистиктерди даярдоочу орто кесиптик билим берүү мекемелеринин ордуна токтолду. Ошону менен катар депутат бул орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги окугандарга берилүүчү стипендия маселесин кайра карап чыгууну КР Өкмөтүнө сунуш кылды.

Депутат Дастан Бекешев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Темир-Канат айылындагы ФАПтын курулушуна каражат жетпей жаткандыгы боюнча жергиликтүү элдин кайрылуусу менен тааныштырды.

Турак жайларды өрттөн жана табыгый кырсыктан камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Бүгүнкү күндө үйлөрүн камсыздайын деген жарандардын бир тобунда үйлөрүнүн “кызыл китептери” жок. Аны алуудагы тиешелүү документтерге бир топ каражат талап кылынат экен. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Рада Туманбаева “Региондорду өнүктүрүү” жылында “кызыл китеп” алуучуларга жеңилдиктерди берүү керек дейт.

Депутат Таалайбек Масабиров КР Өкмөтүнөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 100 жылдык маарекесине байланыштуу эмне иш-чаралар пландаштырылып жаткандыгы тууралуу маалымат талап кылды.

Баткен облусунун бир топ айылдары Сох анклабында жайгашкан. Мына ушул айылдарга баруучу жол Таян айылы аркылуу өтөт. Депутат Карамат Орозова бул жолдун ремонттон өткөрүп берүүнү аткаруу бийлигинен өтүндү. Ошондой эле депутат Баткен облусунда ишке кирген био фабрика био препараттарды чыгарып жатканын, андагы 8 лабораторияда 5 кызматкер иштээрин айтып, бул ишкананы жетиштүү кадр жана унаа техникасы менен жабдуу зарылдыгын кошумчалады.

“Региондорду өнүктүрүү” жылы деп кабыл алуу абдан туура чечим болгонуна депутат Махабат Мавлянова дагы токтолду. “Региондордо көйгөйлөр абдан көп. Бирок республикалык бюджетте аларды чечүүгө жетишерлик каражат каралган эмес. Бул маселеге көңүл буруу керек. Ошону менен катар бул жылы административдик-территориялык реформаны дагы ишке ашырсак жакшы болот эле”,- деген депутат бул багытта “Өкмөттүк саат” өткөрүүнү сунуш кылды.

Жалал-Абаддын Аксы районундагы эң көп эл жайгашкан Үч-Коргон айыл өкмөтү бар. Райборбордон 75 км алыстыкта. Бул айыл өкмөттүн ооруканасында адистер жетишпейт. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Үмбөтаалы Кыдыралиев Саламаттыкты сактоо министрлиги кадр жетишсиздигинен жардам берүүсүн өтүндү.

Аксы районунун көйгөйүн улаган депутат Алмазбек Эргешов райондун Кара-Суу айыл өкмөтүндө суу насосторун тармактык министрликтин Суу чарба департаменти өз балансына алып иштетсе, 450 гектар жер суу менен камсыз болоорун айтты. Мындан сырткары, А.Эргешов Аксы районунун тоо этегиндеги айылдары райборбордон 75 км алыс жайгашкандыгын, өрт кырсыгы болгондо өрт өчүрүүчү унаалар жолдун алыстыгынан кечигип келерин кошумчалады.

Кечээ жакында болгон суукту Нарын облусунун эли канча жылдардан бери башынан өткөрүп келет. Депутат Жылдыз Мусабекова сууктун каарын эми түшүнгөн өкмөт өкүлдөрүн Нарын облусундагы 1000 кВаттык жеңилдикти 2000 кВатка чейин көтөрүүгө чакырды.

Депутат Бактыбек Райымкулов алыскы Тогуз-Торо районундагы Атайыл айыл өкмөтүндө бир да бала бакча жоктугун, жергиликтүү эл жок дегенде эки бала бакча куруп берүүнү суранып жатканын аткаруу бийлигине жолдоду. Ошондой эле Б.Райымкулов Жайыл районунун ооруканасынын 1956-жылы курулган реанимация бөлүмүнүн абалын айтып, кошумча имарат куруп берүү зарылдыгын белгиледи.

“Региондорду өнүктүрүү” жылына байланыштуу депутат Музаффар Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы чек арага танапташ айылдарга өзгөчө макам берүү сунушун бул ирет дагы көтөрдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: