Menu

Тимур Саралаев, блогер: “Манастын урпактарын” кой терисин жамынган жырткычтар алдап, капканга түшүрүп, тирүүлөй мууздап, союп, жиликтеп жеп жатса дагы былк этишпейт”

Бөлүшүү:

Айрымдарга бул сөз катуу тийсе, алдын ала кечирим суранам, бирок ачуу болсо дагы чындыкты айтып коюш керек. Аны сиздер дагы ичиңерден, өзүңөр түшүнүп жатсаңар керек.

Учурда, Бишкектин ЖЭБ боюнча бир топ сөздөр, ойлор, арасынан сындуу, ачуу сөздөр бийликке карата мүшөктөп айтылды. Мурун оозуна суу толтуруп алган достор, тааныштар дагы агынан жарылып, – “кетсин, жооп беришсин, соттолсун” деп, кыңк-мынк этип алышты. Эми, кризис болуп бара жатып, Кудай жалгап чала-була болсо дагы кырдаал четинен чечилип, жылуулук келип, иш ордуна келе баштагандай.

3-4 күн мурун кабакты түйгөн, чурулдаган, күпүлдөгөн өз керт баштарын гана ойлогон көпчүлук эргул-азаматтарыбыз, ага-байкелерибиз, эже-карындаштарыбыз эми эмне болоор экен деген кызык суроого жоопту алыстан издебей эле койсо болот. Эмне болмок эле..?! Эч нерсе болбойт, кыргыз эли ушунча момунбу, же кайдыгерби, кээде түшүнбөйсүң элим эмне болуп калганын. Итке калпак кийгизип койсо, анда жапа тырмак баары ойгонуп, аң сезимдүү болуп, намыстары козголуп “тигинтели-минтели”, мекенчилдик сезимдери жанданат – “Манас эле Манас, биз Манастын урпактарыбыз” деп. Ал эми “Манастын урпактарын” кой терисин жамынган жырткычтар алдап, чыга албай кала турган капканга түшүрүп, тирүүлөй мууздап, союп, жиликтеп жеп жатса дагы былк этишпейт.

Эми мындан ары коомдо маанай кандай болот…!? Мындан ары… мурункудай эле болот, жылуулук келди, терс маанайлар кетти, ооздорго акырындан суу толо баштады. Эл өзү менен өзү, ар биринин четтеги өз үйү, – “сен мага тийбе, мен сага тийбейин” деген өлөң-салаң оокат жүрө берет. Бирок, маал-маалы менен жарандык сезимдер ойгонуп турушу ыктымал – “эмнеге биз ушинтип жашайбыз деген?!”, “баарына бийлик күнөөлү” деген ойлор жаралып. Ошол суроолорго жоопту, сырттан эмес, өзүбүз, ичибизден издешибиз керек. Бийликтин азыркы кылыктарына жол берген өзүбүз, шайлоо мезгилдеринде – “ай, айланайындар, туура тандоо кылыш керек”, деп канча ирээт айтылды эле, жок, эч ким укпады. “Отко айдаганда – бокко качып” туруп алды го көпчүлүк, эми минтип өкмөт жаман, бийлик жаман дешет. Бийлик жаман эмес, ага барган, бийликти берген, 1-2 миң сомго добушту берген, буттары үзүлгөнчө ага чуркаган, тилдери тешилгенче аны мактаган, ошого жол берген эл өзү күнөөлү.

Тимур Саралаев, блогер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: