Menu

Депутат И.Өмүркулов: “Өкмөт трансформация көйгөйүн ыкчамдатуусу зарыл. Кийинки жумада бул маселени карап, чечип берсек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында жер тилкелерин трансформациялоо, айрым жаңы конуштарды Бишкектин курамына кошуу маселелери көтөрүлдү.

Үй куруу үчүн жер тилкелерин жана 2009-жылдын июнь айына чейин курулуп калган үйлөрдүн жер тилкелерин трансформациялоо маселеси өтө узарып кетти. Алгач КР Өкмөтү иштеп, трансформация болуучу жерлердеги үй ээлеринин тизмеси такталды. Парламент мыйзам кабыл алып берди. Өлкө башчысы ага өз жүйөөлөрү менен вето койду. Мыйзам боюнча Президенттин каршы пикирине байланыштуу макулдашуу комиссиясы түзүлдү. Бир топ шайлоочуларды кабатырлантып, нааразычылыгын туудурган бул маселени депутат Иса Өмүркулов көтөрүп чыкты. “Жаңы үй-бүлө кургандарга жер тилкесин бөлүү, жаңы-жаңы социалдык обьекттерди куруу бүгүнкү күндүн талабы. Буга кандайдыр бир атайын тоскоолдутар болуп жаткандай. Аткаруу бийлиги трансформация көйгөйүн ыкчамдатуусу зарыл. Кийинки жумада бул маселени карап, чечип берсек ”,- дейт Иса Өмүркулов.

Депутат Мирлан Жээнчороев КР Өкмөтүнө жөнөткөн суроо-талаптарга окшош каттар кайталанып келе баштаганын сынга алды. Ал Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук районунун айрым жерлери Бишкек шаарында анклав болуп калгандыгы боюнча мындан 6-7 жыл мурун маселе көтөргөн. Анклав болгон “Кырман”, “Полиция шаарчасы” жана башка бир катар жаңы конуштарды шаардын курамына кошуу маселеси боюнча Чүй облусу менен Бишкек шаарынын ортосунда келишим түзүлүп баштаган. Эми кайра каралып жатат деген жооптор келип жатат. Мындан 7 жыл мурун айтылган маселе чечилбей келет”,- дейт Мирлан Жээнчороев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: