Menu

Фотобаян – Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Тажикстан Республикасына барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда расмий визит менен Тажикстан Республикасына барды.

Душанбе шаарынын эл аралык аба майданында Сооронбай Жээнбековду Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзаде тосуп алды.

Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Эки күндүк визиттин алкагында Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамдардагы жолугушуулары  болжолдонгон. Визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Эки Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзаде жана Тажикстан Намояндагон Мажлисинин Оли Мажлисинин Төрагасы Шукурджон Зухуров менен да жолугушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: