Menu

Жогорку Кеӊеш Өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгын канааттандырарлык эмес деп тапты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште “Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборундагы авария жөнүндө” токтом кабыл алынды. Ага ылайык, Өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгын канааттандырарлык эмес деп табылды.

Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымында, токтомдун долбооруна 8 депутаттан кошумча сунуш келип түшкөн.

Жогорку Кеӊештин бул токтому аркылуу Өкмөткө Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоо, анын кесепеттерин жоюу, экономикалык чыгымдын көлөмүн аныктоо, айрым кызмат адамдарынын аракетине юридикалык баа берүү боюнча сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, кечээ премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында авариянын себептери, анын кесепеттерин жоюу жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе талкууланып, “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” токтом негиз катары кабыл алынган болчу. Азыр ал депутаттардын бир катар кошумча сунуштары менен толукталды.

Андан тышкары, өткөн жыйында Бишкек шаарынын ЖЭБинде түзүлгөн абалды комплекстүү иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал белгиленген мөөнөттө депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: