Menu

Кундуз Казыбек кызы, ди-джей: «Уулум: «Апа, ал ким?» дейт»

Бөлүшүү:

-Учурда «Марал» радиосунда ди-джейлик милдетти аркалап атасыз. Ди-джей түшүнүгү бизге келгенине бир нече эле жыл болду. А бала кезиңизде келечекте ким болом деп кыялданчу элеңиз?

-Ооба, ди-джей деген түшүнүктү алгачкы ди-джей Элмара Турсуналиева эжекебиз киргизген. Аз убакыт болсо да, өзгөчө жаштар арасында кадыр-барктуу кесиптердин бирине айланды. Мен окуучу кезимде эле келечектеги кесибимди тандап койгом. Айланамдагылардын баары менин алып баруучу, журналист болом деген каалоомду жакшы билишчү. Себеби, мектептеги иш чаралар менсиз өтчү эмес, андайда мен дагы өзүмдү  радиондон сүйлөп, теледен алып барып аткандай элестетип, кыялданып алчумун. Ой чабыттарым реалдуулукка ашып, студент болгондон тартып аталган кесип менен алектенип келем.

-Жумушка баш-оту менен берилгендер жана жеке жашоосуна басым жасагандар болот эмеспи. Сиз кайсынысына киресиз?

-Негизи эки ролду тең жакшы эле аткарсам керек (жылмайып). Үйдө мыкты кожойке, балдарыма мээримдүү апа, жолдошума камкор жубай болууга аракет жасайм. Ал эми жумушта Кудайга шүгүр, көңүл ачуучу редакциянын жүгү менин моюнумда болгондуктан, колумдан келишинче берилип, жоокерчиликтүү аткарып келатам.

-Радиодо иштөөнүн оң жана терс жактарын айта аласызбы?

-Радио – бул өзүнчө дүйнө. Жашоомдун бир бөлүгү болуп калгандыктан терс жактарын көрө албайм. Мен үчүн бардык тарабы жакшы. Күндө ийгиликтүү, позитивдүү, көптү билген мыкты адамдар менен пикир алмашасың. Үйрөнгөнүңдү үйрөтөсүң дегендей.

-Үнүңүз аркылуу жактырып калган жигит күйөрмандарыңыз көп болсо керек, аларга кандай мамиле жасайсыз?

-Андай күйөрмандарым дайыма каалоо-тилектерин айтып, майрамдарда куттуктап турушат. Чыгармачылыгымды баалап аткандан кийин албетте, кубануу, сыймыктануу менен кабыл алам. Көбүнчө кыздар менен телефон аркылуу ал-абалды сүйлөшүп, кабарлашып турабыз.

-Жумуштан аябай чарчаган кезде, чарчооңузду кантип жазасыз?

-Балдарым менен баарлашуудан ырахат алып, чарчаганымды унутуп калам. Үй-бүлөм менен эс алуудан чарчоомду жазам. Айрым учурларда курбуларым менен ар кандай иш чараларга, кечелерге барам. Кээде, тынч бөлмөдө отуруп, китеп окуудан да эс алам.

-Үй жумуштарына кандайсыз? Тамак жасап, кол өнөрчүлүк кылып дегендей, аялзатына тийиштүү жумуштарды канча пайызда аткарам деп ойлойсуз?

-Үй жумуштарында Кудайга шүгүр, алдыма ат салдырбайм. Тамак жасоодо кыйналбайм. Ал эми аялдарга тиешелүү сайма сайуу, шырдак шыруу, түймө түйүү сыяктуу кол өнөрчүлүк менен кичине кезимде апама жардам берип алектенчүмүн. Кожойкелик милдетти канчалык пайызда аткараарымды жолдошумдан сурап көрүш керек. Бааны ошол адам берет.

– Өзүңүзгө кандай баа бересиз? Бир сөзгө чүнчүп, сынып калчулар да болот, андайларга кирбейсизби? Алсыздык барбы сизде, же күчтүүсүзбү?

-Бир сөз үчүн чүнчүбөйм. Тескерисинче, күчтөнөм. Бирок, үй-бүлөмдүн алдында албетте, алсызмын. Сүйүүктүсүнүн жанында алсыз экенин сезген аял бактылуу  деп эсептейм.  Мени калкалап турган чеп бар экенине ишенем, демек, алсыз экенимди жашырбайм. Ал эми үйдөн сырткары күчтүүмүн деп ишенимдүү айтам. Буга жашоо, убакыт тарбиялап атат.

-Адам жамаатта иштегенде такшалат дейт, сизди жамаатта иштөө эмнелерге үйрөттү?

-Кесиптештериң бир тууганыңдай болуп калат экен. Билбегениңди сурайсың, билгениңди үйрөтөсүң. Бирине эже, бирине сиңди, дагы бирине курбу болосуң. «Марал» радиосунун жамааты өтө ынтымактуу болгондуктан, көз арткандар көп. Жамааты начар жерге барып калсаң кеткиче шашасың го, а бизде тескерисинче. Жаңы келгендерди кучак жайып кабыл алып, такшалгыча үйрөтүп, жандап жүрөбүз.

-Эфирдеги эсиңизде калган кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?

-Радиодогу программалар негизинен түз эфирде болгондуктан, кызыктуу окуялар көп кездешет. Жакында эле болгонду айтып берейин. Айрым учурларда, өзгөчө дем алыш күндөрү балдарымды жумушка ээрчитип келгенге туура келет. Бир күнү да балдарымды жаныма отургузуп, кайсы бир программаны алып барып жатып, «Алло, саламатсызбы?» – деп угарманым менен сүйлөшүп атсам, уулум: «Апа, ал ким экен?» – дейт. Анысы түз эфирден угулуп калды. Күлкүмдү токтото албай, ошол абалдан араң чыккам.

-«Делбирим» уктуруусун да алып барып атасыз,  ушул тууралуу айтып берсеңиз, качан, эмне себеп болуп ачылган?

-«Делбирим» – радиодогу рейтинги жогору программалардын бири. 3 жылдан бери актуалдуулугун жоготпой келатат. Айымдарга арналган бул уктурууда үй-бүлө, бала тарбиясы, сулуулук сырлары, кулинария, психологдун кеңеши сыяктуу адистердин катышуусунда пайдалуу маалыматтар айтылат. Кожойкелердин көңүлүн көтөрүү үчүн атайын сынактар, оюндар да бар. Жеңүүчүлөрдү кызыктуу байгелер менен сыйлап турабыз. Иш күндөрү саат 11:00-12:00гө чейин «Марал» радиосунан орун алат. Убактысын да көпкө ойлонуп, саат 11ди тандаган элек. Анткени, бул убакта кожойкелер балдарын балдарын бала бакчага, же мектепке узатып, жолдошун жумушуна жөнөтүп, үйдө «ө-өх» деп отуруп калат. Маалыматтарды жакшы кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Булак: Миң Түркүн журналы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: