Menu

Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстан президенттери жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чек араны делимитациялоо боюнча түзүлгөн кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясына ишти илгерилетүү боюнча тапшырма беришти.

Бул тууралуу кыргыз президентинин Тажикстандагы расмий сапарынын убагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары айтышты.

– Эки өлкөнүн чек арасын юридикалык жактан каттоо биздин мамлекеттердин арасында өтө актуалдуу маселелердин бири. Биз чек аранын калган тактала элек бөлүктөрүнүн үстүндө иш алып барууга даярдыгыбызды билдиребиз, – деди тажик президенти Эмомали Рахмон.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстандагы расмий сапарында соода-экономикалык кызматташуу жана коңшулук мамилени бекемдөө багытында 8 документке кол коюлду.

Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Борбордук жана Түштүк Азиядагы энергетикалык рынокту бириктирүүчү КАСА-1000 долбоорун ишке ашырууда бирге аракет көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда Тажикстандын Душанбе шаарына расмий иш сапары менен барды. Бул сапар тажик президентинин чакыруусу менен өтүүдө. Бүгүн Жээнбеков Тажикстандын премьер-министри жана парламент төрагасы менен жолугушуу өткөрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: