Menu

Журналист Саиповго Сахаров ордени берилди

Бөлүшүү:

31-январда Москвада адамдардын укуктары жана негизги эркиндиги үчүн күрөшкөн журналисттер менен коомдук ишмерлерге Сахаров атындагы сыйлык тапшырылды. Алардын ичинде маркум журналист Алишер Саиповго “Эрдик үчүн” ордени ыйгарылды.

Ачык коомду колдогон, советтик диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлык Орусияда 2001-жылдан бери ыйгарылып келатат.

Ал сөз эркиндиги, айкындуулук, адам укуктары жана негизги эркиндик үчүн зор салым кошкон журналисттерге жана коомдук ишмерлерге берилет.

Алардын катарында 2007-жылы Ошто белгисиз бирөөлөр атып кеткен журналист Алишер Саипов да бар.

Алишер Саипов “Voice of Ameriсa”, “RFE/RL-Ozodlik”, BBC, “Mashhad” радиолору, “Фергана.Ру” маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган. Ошондой эле өзбек тилиндеги “Сиёсат” гезитин негиздеп, ал Кыргызстанга жана Өзбекстанга таркатылып турган.

Журналист 26 жашында каза болгон. Кылмыштын бети эмгиче ачыла элек.

Алишер Саиповдун апасы, кызы жана иниси журналистти эскерүү иш-чарасында. 2017-жыл.

Алишер Саиповдун апасы, кызы жана иниси журналистти эскерүү иш-чарасында. 2017-жыл.

Туугандарынын атынан Алишер Саиповдун сыйлыгын алган «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү Даниил Кислов кесиптеши тууралуу эскерди:

– Алишер менен Кыргызстанда 2005-жылы төңкөрүш болгондо бирге иштегенбиз. Ал улуттардын көйгөйлөрү, адам укуктарынын бузулушу жөнүндө көп жазчу. Ал 2007-жылы октябрда өлтүрүлдү. Бирок кылмыштын бети азыркыга чейин ачылбай келет. Биз Алишер Өзбекстандын бийлигинин курмандыгы болгон, ошолор атайын киши жалдап өлтүрткөн деп эсептейбиз. Анткени Алишердин Өзбекстандын саясий оппозициясы менен байланышы болгон. Биз үчүн Алишерге Сахаровдун ордени берилгени сыймык, ошол эле маалда бул күйүттүү. Мен маалымат каражаттарына, редакциялык жамааттарга журналисттерин жоготуп, алардын ордуна орден алууну эч качан каалайбайм.

Андрей Сахаров атындагы «Эрдик үчүн» ордени.

Андрей Сахаров атындагы «Эрдик үчүн» ордени.

«Эрдик үчүн» ордени 2015-жылы Кремлдин алдында атылып өлтүрүлгөн оппозиционер Борис Немцовго жана он жылдан ашык абакка жатып чыккан олигарх Михаил Ходорковскийге да ыйгарылды.

Ал эми ушу тапта Москвадагы мигранттарды камоочу жайда жаткан «Новая газета» басылмасынын журналисти Али Феруздун орденин апасы Зоя алды.

Мурунтан сыйлык орусиялык гана журналисттерге жана коомдук ишмерлерге берилчү. Быйыл сыйлыкка маркум Алишер Саиповдон тышкары, Өзбекстандан Хаётхан Насреддинов жана Казакстандан Сейтказы Матаев татыды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: