Menu

АКШ “Кремль баяндамасынын” купуя бөлүгүнүн зарылдыгын түшүндүрдү

Бөлүшүү:

АКШ Каржы министрлиги Орусия президенти Владимир Путиндин айланасындагы бизнесмен жана аткаминерлерге байланыштуу “Кремль баяндамасынын” купуя бөлүгүнүн зарылдыгын түшүндүрдү. Баяндаманын жашыруун жагы тизмеде аты аталган кишилердин санкцияга кабыла турган компаниялардан активдерин  “алып качып кетпөөсү” үчүн зарыл.

Бул тууралуу Bloomberg агенттигине Америка каржы министрлигинин өкүлү Тони Сэйег билдирди.

Сэйегдин айтымында, баяндама туура эмес интерпретацияланган. Каржы министрлигинен баяндаманын жалпыга белгилүү бөлүгүндөгү маалыматтар ачык булактарга негизделгенин билдиришти. Купуя бөлүгү жашыруун булактардын негизинде жазылган.

Каржы министрлигинин өкүлү тизмени санкциялык деп кароо туура эмес экенин эске салды. Бирок баяндама Орусиянын дестабилдештирүүчү аракеттерине каршы турууга багытталган.

Кошмо Штаттарда 30-январда“Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланды. Расмий эмес “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин эң жакын чөйрөсүнөн саясий кызматтагы 114 адамдын жана 96 “олигархтын” ысымдары камтылган. АКШнын Каржы министрлиги түзгөн ал “кара тизменин” негизинде Вашингтон мындан ары санкция киргизиши мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: