Кыргыз Республикасынын МУКК экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн мурда эл аралык издөөдө жүргөн, КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны 1971-ж.т.«У.А.» кармалды, – деп мааалымдады мекеменин пресс-борбору.
Кармалган «У.А.» жашыруун ячейка түзүп, өз жетекчилигине алган. Кылмыш иштерин жүзөгө ашыруу үчүн жасалма документтерди, анын менен бирге КР жарандык паспортун пайдаланган. Ошондой эле ЭТУ жетекчилеринин буйруктарынын негизинде Фергана өрөөнүндө үгүт аянтчасын түзгөн.
Азыркы убакта кармалган «У.А.» белгиленген тартипте тиешелүү жоопкерчиликке тартуу үчүн өнөктөш-мамлекеттердин компентенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ