Menu

Бир адамды иштен алуу менен криминал жоюлбайт

Бөлүшүү:

Ысык-Көл областтык прокурору Майрамбек Таалайбеков өз арызы менен кызматынан кетти. Таалайбековдун өз арызы менен кеткенине көлдүктөр ишенбейт. Анткени ал прокурор болуп келгени бир топ иштер мыйзам чегинде чечилип, адилеттүүлүк өкүм сүрүп калган. Кол эли да аны абдан колдошчу. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Таалайбековду өз каалоосу менен арыз жаздырууга мажбурлашкан. Аны мажбурлоо менен иштен кетирип, Ысык-Көлдөгү чырмалышкан крим дүйнөнү жок кылууга мүмкүн эмес. Анда өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевди да иш­тен алыш керек. Ал да мыйзамдагы ууру Камчы Келбаевдин жердеши. Криминалдашкан Бостери айылынын кулуну. Ысык-Көл областында бир гана укук коргоо органдары криминал менен байланышкан дегендин өзү туура эмес. Жергиликтүү башкаруу бийликтеринде, шаардык, айылдык кеңештерде отурган айрым ОПГ мүчөлөрүн да жок кылуу керек. Буга шайлоодо криминалды колдонгон бийлик өзү күнөөлүү.

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: