Menu

Өзбекстанда атайын кызматтын мурдагы башчысы сенатор болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Рустам Иноятов Олий Мажлис Сенатынын мүчөсү болуп дайындалды. Мыйзам боюнча сенатор кол тийбестик макамына ээ жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын 23 жылдан бери жетектеп келген Рустам Иноятов 31-январда Олий Мажлис Сенатынын мүчөсү болуп дайындалганы белгилүү болду. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Сенатор болгондон кийин Иноятов дароо кол тийбестик макам алды. Өзбек мыйзамдарына ылайык, ал кармалбайт, камалбайт, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Отставкадан кийин Иноятов мамлекет башчыга саясий-укуктук маселелер боюнча кеңешчи болуп бекитилгенин.

73 жаштагы генерал-полковник Рустам Иноятов 2016-жылдын сентябрында президент Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин жогорку бийлик ордун сактап калган саналуу адамдардын бири эле. Ал коомчулукка көп көрүнбөгөнү менен өзбек бийлигиндеги эң таасирдүү адам деп саналган.

Азыр анын ордуна мурдагы башкы прокурор Ихтиёр Абдуллаев келди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: