Menu

Жалал-Абадда мугалимди өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мектеп мугалимин өлтүрүүгө байланыштуу шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 28-январда Сузак районунун айыл аймактарынын биринде киши колдуу болгон 52 жаштагы Б.А. аттуу аялдын сөөгү өз үйүндө табылган.

Ыкчам издөө аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү катары бул райондун 53 жаштагы тургуну Б.Р. аттуу жаранды кармалды. Ал сурак учурунда окуя болгон күнү мас абалда болгонун, маркумдун үйүндө аны менен урушуп кетип, сабап салганын мойнуна алган. Үй ээси алган жаракатынан улам көп узабай каза болгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (“Киши өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: