Тажик бийлиги өлкөгө эски автоунааларды алып кирүүгө тыюу салат. Өкмөт 15-февралдан тарта 2005-жылга чейин чыккан автоунааларды алып кирүүгө бөгөт койгон токтом кабыл алды.
Тажикстанга автомобиль транспорту, негизинен жеңил унаалар Балтия жана Европа өлкөлөрүнөн импорттолот. Өлкөдөгү автоунаалардын көбү 2000-жылдардын биринчи жарымында чыккандар. Импорттолгон автомобилдердин 80% Германия өндүрүшүнө таандык, алардын көбү – Opel.
2016-жылдын аягында Тажикстанда жарым миллион автоунаа каттоодон өткөн. Алардын 50-60% эски. Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинен билдиришкендей, бул машиналар абаны булгап, адам өмүрүнө коркунуч жаратууда.
Тажик бийлиги 2017-жылдан тарта жаңы автоунааларды алып кирүүдө бажы төлөмдөрүн 50% кыскартты.
Конвейрден бир жыл мурун чыккан, 10 миң чакырымдан ашык жүрбөгөн автоунаалар жаңы деп эсептелет. Бул талап жүк ташуучу, жүргүнчү жана жеңил машиналардын баарына тиешелүү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ