АКШ бийлиги Сирия өкмөтү химиялык курал жана аны колдонуу үчүн жаңы курал жасаган деп кооптонууда.
Бул тууралуу Reuters жана Associated Press агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты. Анда химиялык курал Сириядан сырткары аймактарга тарап кетишине Вашингтондун кооптонуп жатканы жазылган.
АКШнын атын ачыкка чыгарууну каалабаган чиновниги, Сирия президенти Башар Асаддын режими ири көлөмдө ууландыруучу затты колдонууну улантып жатканын айткан.
Бул тууралуу жазган эки агенттиктин маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп Сириянын химиялык курал чыгаруу аракетине жооп кайтарыларын жокко чыгарбайт.
Эксперттердин маалыматына караганда, Сирияда соңку алты жылда отуздан ашуун химиялык курал колдонулган. Башар Асаддын режими муну четке кагып келет. Мындан сырткары АКШ Сирия армиясын өткөн жылдын апрель айында Идлиб провинциясындагы авиасокку үчүн айыптап келет. Анда уулуу газдан 80ден ашуун жайкын тургун каза болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ