Ош базардын айланасында дары-дармектерди мыйзамсыз сату токтотулду” – деп Саламаттыкты сактоо министрлиги эбак эле билдирген. Тилекке каршы андай эмес. “Ош базарынын” айланасын кыдырган учурда эч кандай тыюу салынбастан мурда сатыка чыгып жүргөн дары-дармектер дагы эле өз ишмердүүлүгүн кылып жатканын көрдүк. Министрлик элди алдайын дедиби же Ленин райондук администрациясы бир күн карап экинчи күнү жүктөлгөн ишти унуткарып койдубу ким билсин. Мыйзамсыз сатылган дары-дармектер жарандардын саламаттыгына кандай залалын тийгизет ага эч ким кепилдик бере албайт да. Эл эмне үчүн базардагы дарыны алууга кызыгат, анткени биздин иликтөөбүздө атайын дарыканаларга салыштырмалуу мыйзамсыз дарылардын наркы 5(беш) сомдон 15(он беш) сомго чейин арзан. Анан албетте, карапайым элдин айлык-маянасы аз болсо, арзан буюм кимди гана кызыктырбайт, айла жоктугунан деле алышы мүмкүн да. Бирок улуттун саламаттыгы деп чуркап, ар бир жыйында айтылган сөздөр, өткөрүлгөн иш-чаралар жөн гана жел менен көккө сапырылып кеткендей. Бул иш качан кайра каралат, качан мыйзамсыз дары-дармектер жоюлат, биздин органдар качан өз кызматын так аткарат азыр бул суроого жооп табуу кыйын болуп калды.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ