Menu

«Кыргызстан» фракциясы электрондук капчыкты ишке киргизүүдө Улуттук Банкты жана мобилдик операторлорду элдин кызыкчылыгында чечим кабыл алууга чакырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-февралда “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында уюлдук байланыш операторлорунун электрондук акчаларга байланыштуу иштин жүргүзүлүшү жөнүндө маалымат угулду.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов электрондук капчыктын демилгелениш тарыхына токтолду. Анын айтымында, Улуттук Банк 2017-жылдын 27-июлунда электрондук капчыкты колдонууга кигизүү жана аны өнүктүрүү ишин колго алып, тиешелүү мыйзам долбоорун өткөн жылдын август айында коомдук талкууга коюп, жөнгө салуу таасирин талдоо үчүн Төлөм операторлорунун ассоциациясы, Байланыш операторлорунун ассоциациясы жана банктар ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу топ түзгөн. Бирок байланыш операторлору тиешелүү мыйзамдар, укуктук ченемдик актылар кабыл алына электе эле электрондук капчыкты ишке киргизип жиберген. Мында чоң бир тобокелчиликтер – арам акчаларды адалдоо иштери жүргүзүлүп кетиши толук мүмкүн. “Андыктан, баардык кабыл алынган төлөмдөрдө банктын катышуусу болушу керек. Себеби Улуттук Банк өлкөнүн акча саясатын жүргүзүүгө жана акча саясатындагы ар кандай кооптуу жагдайларды алдын алууга түздөн түз милдеттүү. Электрондук капчык жаатында Улуттук Банкка карата айрым массалык маалымат каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө айтылып жаткан маалыматтар жалган. Улуттук Банк электрондук капчыктын өнүгүшүн кош колдоп колдойбуз. Болгону байланыш операторлору төлөмдөрдү түз кабыл албай, банк аркылуу мыйзамдуу болушун каалайт”,- дейт Т.Абдыгулов.

Бул маселеде эки тарап болуп чакырылган Мегаком (“Альфа Телеком” ЖАК) компаниясынын генералдык директору Азат Базаркулов абоненттер төлөмдөрүн эч кандай ортомчусуз түз салуусун жактап жатканын, бул кардарларга ыңгайлуу болоорун чечмелеп берди. Ал эми КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев мобилдик операторлор каржылык төлөмдөр менен иштегиси келсе мыйзам талаптарын сакташы зарылдыгын жана бул багыттагы иштер Улуттук Банк тарабынан жүргүзүлөөрүн эске салды.

Талкууда депутат Айтмамат Назаров Кытай мамлекетин мисалга тартып, ал жакта бардык төлөмдөр уюлдук телефон аркылуу жүргүзүлөөрүн айтып, мындай тажрыйбаны эмнеге байкап көрүүгө болбостугун белгиледи. Ошону менен катар депутат Улуттук Банк байланыш операторлоруна лицензия берсе, ортомчусуз төлөм кабыл алууга мүмкүнчүлүк болоорун сунуш кылды. Мындай сунушту Улуттук банктын төрагасы дагы кубаттоого алды.

Депутат Дамирбек Асылбек уулу электрондук капчык киргизүүдө мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо жана элдин талабын эске алуу үчүн парламент тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүгө даярдыгын айтты. Депутат Таалайбек Масабиров дагы элдин кызыкчылыгы үчүн тараптарды бир консенсуска келүүгө чакырды.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Улуттук Банк дагы, байланышт операторлору дагы өз кирешелерин ойлой бербей, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн орток пикирге келүүсү зарылдыгын баса белгиледи.

Депутаттардын сунуштарынан кийин электрондук капчык жөнүндө коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорундагы жогорудагыдай эки жактуу маселе боюнча тараптар орток пикир табууга аракет кылмай болушту.

Жыйынтыгында фракция лидери Алмазбек Баатырбековдун аталган маселе боюнча маалыматты эске алуу жана бул маселеге март айында кайра кайрылуу сунушу фракция депутаттары тарабынан колдоого ээ болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: