Акыркы жылдары Кыргызстанда иштеген кытайлардын саны кескин көбөйдү. Мындай жагдай көптөн бери коомчулукту кыжаалат кылып келет. Анткени бул көрүнүш өлкө келечегине, улуттун коопсуздугуна терс натыйжа берет деген чочулоо күч. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 500 миңге жакын кытайлар бар делип айтылып келет. Бул деген Кыргызстандан чыгып кеткен кыргыздардын ордун кытайлар басып жатат дегенди билдирет. Азыркы тапта кытайларга турмушка чыккан кыргыз кыздарынын саны 100 миңге жетээри кеп болуп жүрөт. Кытайлардан туулган балдардын алды 5-6-класс окуп калышты. Бирок бийликтин маани бербегени өкүндүрбөй койбойт. Мына былтыр Кыргызстанда чет элдик жумушчуларга 14 миңден ашык квота берилип, анын 11 миңден ашыгын же 80%ын Кытай жарандары алган. Бул тууралуу миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев парламентте билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы да ушундай эле өлчөмдө квота бөлүнөт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ