Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев парламенттеги жалпы жыйында депутаттардын жардамчылары маршруттук кичи автобустарда жүргөнүнө, жумушка жөө каттап жатканына уялаарын айтып далайдын оозун ачырды. Жардамчыларынын маршруткада жүргөнүнө уялганын айткан Жолдошбаевдин сөзүнө башка эл өкүлдөрү уялыштыбы билбейбиз, бирок бул демилгесине «баракелде» дебестен башка аргабыз жок. Кайсы депутаттын жардамчысы жөө жүргөнүн айтып арызданып, ушул маселебизди парламенттик жыйында айтыңыз деп мээсин жеди болду экен.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ