Же аймакты көтөрбөйт, же ишин билбейт. Бирок, ошол эле маалда артынан калбыры калдаңдап сүйрөлүп, коомчулукка уят эле болуп жүрөт. Бул каарманыбыз Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев. Бул мырза тууралуу коомчулук айта берип, ММК жаза берип жадагандай болду. Анын артындагы «мусорлору» казылып чыга баштады. Кыякеңдин мыйзамсыз иштери, өзү Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы болуп туруп өзүн Майлуу- Суу шаарына мэр кылуу боюнча чыгарган буйругу боюнча өткөн сандарыбызда далили менен жаздык эле. Бул боюнча тиешелүү органдар тыкыр иликтеп жатканын эшиттик. Кыянбекке жакында чара көрүлчүдөй болуп калды… Ооба, бирөөнө кыянаттык кылуу оюбузда жок. Бирок, ал жашай берсинчи деген мамиле менен бүтүндөй бир облусту «самсанын» деңгээлинде таштап койгонубуз туурабы?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ