Menu

Кадырова Гүлзар: “Баланы тирүүлөй жоготкон жаман экен…”

Бөлүшүү:

Эки жумадан бери Кара-Көл шаарынын кичинекей тургуну Жанапилов Бекзаттын жоголгондугу тууралуу маалыматты социалдык тармактардан сиз да окугандырсыз. Бала бир нерсе болсо, баарынан да энеге кыйын болору талашсыз. Учурда Бекзатты уктабай күтүп жаткан эненин күйүтүн уктук.

“БАЛАМ ЖОГОЛОР КҮНҮ ТАМАГЫМДЫ КАРАБАЙ ЭШИККЕ ЧЫГЫП КЕТКЕН”
– Биз Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында турабыз. Үч балабыз бар. Тун кызымдан кийин алты жаштагы эгиз балдарым бар эле. Эгиздеримдин бири уул, бири кыз. Уулум Бекзаттын жоголгонуна бүгүн он беш күн болду. Уулум жоголуп кетер алдында манты жегиси келгенин айтканынан, манты жасагам. Жолдошум Токтогулга кеткен. Тамак чыгарып жатканымда Бекзат менен Айзат үйгө кирип колдорун жууп атышкан. Мен барып баламдын бети-башын, колундагы оюнчугун жууп бердим. Балам кайра бутун кийип эшикке чыгып кетти. Бат эле каакым гүлүнөн терип келип мага берип, кайра эшикке чуркады. Мен тамакка чакырып артынан кыйкырып калдым. Демейде балам тамак бышканда айланчыктап жанымдан чыкпай калчу. Ал күнү эмнегедир көңүл бурбады. Түшкү саат 13:30дар чамасы эле. Ашкананын терезесин карасам уулум көлмөнүн жээгиндеги автоунаалар өткөн жол менен баратыптыр, артынан баштык көтөргөн аял бараткан. “Бекзат”,- деп кыйкырсам токтоп мени караган. Жолдо бак-дарактар болгондуктан бир көрүп бир көрбөй жаттым. Бир маалда күмүш түстүү автоунаа келип токтоп калды. Бирок бактардан ал авто токтоп кимди салып кеткенин көргөн жокмун. Анан сиңдим баламды алып келүүгө кетти.

“УУЛУМДУ КӨРГӨН, БИЛГЕН КИШИ ЖОК, ТАПТАКЫР ДАЙЫНСЫЗ”
– Сиңдим эшикке чыгып эле телефон чалып бала жок экенин айтты. 10-15 мүнөттө эле таппай, баарыбыз издеп калдык. Автоунааны абдан жакшы көрчү, унаа жуучу жайды карадым, дүкөндөгүлөр таанычу алардын баарынан сурадым, дегеле көргөн жан болгон жок. Саат 16ларда РОВДга чалып баламды таппай жатканымды айтып, адашкан бала көрүп калгандар мага чалсын деп кабар бердим. “Балам жоголуп кетет” деген ой дегеле болгон жок. Кечке маал милициялар келип, алар менен издеп да тапкан жокпуз. Ошол күндөн баштап туугандарымдын баары келди, мэрия, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, милициялар, мектеп, техникум, институттардын баары көмөкчү болушуп, бир күн Кара-Көл шаарын үймө-үй карап чыктык, тилекке каршы, табылган жок. Ал турсун көргөн, билген киши жок, таптакыр дайынсыз болуп жатат. Биз жакта көлмө бар, бала кезинен ошол жерде ойноп, атасы унаасын жууганда жанында жүрчү. Өз алдынча суу жакка баспайт эле. Айлабыз кеткенде мурда таптакыр күмөн санабаган ал сууну да караталы деп Өзгөчө кырдаалдар министрине кабар бердик. Кечээ атайын топ келип сууну да карашты, балам жок.

“БАЛАМ ТИРҮҮ ЭКЕНИН СЕЗИП ЖАТАМ”
– 15 күндөн бери менде уйку жок. Туш тараптан төлгөчүлөр телефон чалып: “Балаң тирүү, бирөөнүн колунда. Ал тууралуу жаман ойлогондор болуп жатат”, – дешкенинен автоунаа уруп кетип баламды салып кетип калганбы деп ойлойм. Бирөөгө бир орган керек болгондо да балдарды алып кетишерин угуп жинди болоюн деп калдым. Эл оозунда элек жок экен, бөйрөгүн алып таштап кетиптир, жансыз денеси табылыптыр деген сөздөр да чыгып кетиптир. Ал сөздөрдүн баары калп. Милициядан келип: “Карызыңыз жок беле, бирөө менен урушуп-талашкан жок белеңиз?” – деп сурашты. Менде андай көйгөй таптакыр болгон эмес. Балам эмне болуп жоголгону мен үчүн да табышмак болуп турат. Келинимдин, сиңдимдин түштөрүнө кирип, келинимдин чакырганына барбай коюптур. Сиңдим бутундагы күйүктөн калган так карарып кеткенин айтат. Аларды угуп оюма ар нерсе келет, айтор, жүрөгүм ооруп бүттү. Өзүм балам тирүү экенин сезип жатам. Келип калчудай эшикти да жаппай күтүүдөмүн, “апалап” кыйкырганы угулуп, балконго чыгам. Бекзаттын эгизи Айзат биринчи күндөрү талыкшып уктап, биз менен жакшы сүйлөшпөй калган. Азыр ыйласам: “Апа,Бека жакшынакай эле, келет”, – деп күтүп отурат (ыйлап). Баланы тирүүлөй жоготкон жаман экен, эмне кылар айламды билбей калдым.

“БАЛАМДЫН АМАНДЫГЫН БИЛДИРГЕН АДАМГА ЧОҢ СУММАДАГЫ СЫЙЛЫК БАР”
– Кыргыз элим, баламдын кабар-дайынын кимиңиздер билсеңиздер 102 номерине чалып кабарлап коюңуздар. Баламдын амандыгын билдирген адамга чоң суммадагы сыйлык бар. Бекзат атын Бека деп билет. Бою 110-120 см, чачы күрөң түстө, тик өсөт. Оң бутунда күйүктөн калган так бар. Өзү тың, сүйкүмдүү бала. Эгиздин түгөйү болгондуктан, бир аз өсүүсү артта, жакшы сүйлөй албайт. Бирок атын айтып, оюн түшүндүрө алат, логопедге алып барып сүйлөөсүн калыбына келтирип жаттык эле. Үйдү жакшы билет, Кара–Көлгө алып келип таштап койсо үйдү таап келе алмак. Балам аман-эсен кайтып келсе, эч кимге доом жок. Күнү-түнү Жараткандан сураганым – баламдын аман келиши. Мындай оор күндөр эч бир эненин башына түшпөсүн, Кудай бала менен энени ажыратпасын. Бекзат кайрылып кел, сени ата-энең, бир туугандарың, түгөйүң Айзат күтүп жатат.

Динара ЧОКОЕВА
Булак: Леди.kg гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: