Menu

Сылык башчы, сыпайы Өкмөт

Бөлүшүү:

Өкмөт башчы болуштун да өзүнчө түйшүгү бар, эй! Ызы-чуу, интри­га, ар кимди жумуштан алып жаман көрүнмөй, ар кимди жумушка коюп майламай… Айтор тынчтык жок. Өлкө ичиндеги кырдаалдар да кычап бир жагынан кычышып туруп алат. Бирок, негедир өкмөт башчынын тынчтыгы анын мүнөзүнөн көз карандыбы деген да ой келет. Дегеним, мүнөзү чуулгандуу өкмөт башчынын учурунда өлкөдө да чуу, мүнөзү былжыраган өкмөт башчынын учурунда өлкөдө абал эзили-иип, айтор баары Өкмөт башчынын табиятына жараша. Маселен, Жоомарт Оторбаев эле ызы-чуусу жок өкмөт башчы болгонбу деген ойго келдик. Чындыгында Жоомарт мырза бир чуулгандуу ишке аралашпаганга аракетти кылып, өзүн баардык маселеден обочо кармады. Өтө сылык, сыпайы Жоомарт мырзанын учурунда да жаралган кырдаалдар сылык сыпайы чечилип турчу. Азыр деле сылык-сыпаабыз, көп маселени дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылабыз. Де­геним, Өкмөт башчыны тандаарда да мүнөзүнө карасакпы ыя? Кийинки өкмөттөрдү тандоодо кокус аңги- дүңгү бирөөнү коюп алсак мамлекет менен аң-дөңдө калбайлы…

Булак: Де-Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: