Menu

Эрмек Нурбаевдин жубайы Чолпон: “Көп балалуу болуу – Эрмектин кыялы”

Бөлүшүү:

“Тамашоу” долбоорунун негиздөөчүсү, патриот мырза Эрмек Нурбаев жеке жашоосунда да патриоттук дух менен жашайт. Дегеним кыргыздын санын көбөйтүп учурда төрт уулга ата болуп татыктуу тарбия берип жатат. “Тамашоунун” атасынын жеке жашоосуна кызыгып жубайын маекке чакырып, Эрмек тууралуу эле эмес, Чолпон тууралуу да көп маалыматка ээ болдук.

– Чолпон, удаа төрт балага эне болдуң, учурда балдар менен үйдө элесиң да?
– Ооба, Кудайга шүгүр, биринчи балалуу болгондон бери эле үйдө олтурам. Мурда банкта иштечүмүн, турмушка чыгарымда жумушумдан чыккам. Улуу балабыз Алтай 5 жашта, экинчиси Тагай 4, үчүнчүбүз Тынай эки жарым, кичүүбүз Жантайга төрт ай болду.

– Балдарыңардын аттары нукура кыргызча жана оригиналдуу экен, ким тандаган?
– Улуу балабызды Алтай деп чон атасы койгон, экинчибизди Тагай деп таятасы койсо, Тынайды Эрмек, Жантайды мен сунуш кылгам.

– Азыркы учурда удаа көп балалуу болгон жаштар сейрек, көп балалуу болуу силердин кыялыңарбы?
– Көп балалуу болуу – Эрмектин кыялы. Ал тамаша аралаш жети балалуу болгусу келерин айтып калат. Мен мурда эки уул, эки кыздуу болсом деп кыялданчумун, бирок, Кудайга шүгүр, биз төрт уулдуу болдук. Буга эч качан капаланбайм. Башкысы, эне катары бактылуумун. Балдарымды ден соолугу чың, аман-эсен төрөп алганыма Кудайга ыраазымын. Ал эми кыздуу болуу тууралуу азырынча ойлоно элекмин. Жаңы гана төрөттөн кутулуп, моралдык, физикалык жактан өзүмө келип жаткан учурум.

– Төрт кичинекей баланын түйшүгү оңой эмес болсо керек? Эрмек бала карашып, сага кол кабыш кылабы?
– Эрмек менин түйшүгүмдү жакшы түшүнөт, келип тамак талап кылып кыйнабайт. Бирок мен ошондо деле баарына жетишкенге аракет кылып турам. Дайыма балдарым каралуу, үйүм таза, тамагым жасалуу, Эрмек каалаган тамактарды жасап бергенге да аракет кылам. Кээде жетишпей: «Балдар чоңоюп өз алдынча болгондо, сен каалаган тамактын баарын жасап берем», – деп калам. Эрмек үй-бүлө багыш керек деп, көп учурда сыртта жумушта болот. Баласаак, балдарын абдан жакшы көрөт. Кээде кичүү балабызды 5-10 мүнөт карайт. Бирок бардык эркектер сыяктуу эле андан узакка чыдабайт (күлүп). Төрт бала менен бир убакта кала албайт, бирок улууларын жумушуна кошо ала барып 4 саатка чейин карап берет. Мен кичинекейим менен бошобой калсам, чоңдоруна тамак жылытып бере алат. А мага негизги жардам берүүчүлөр: эки апабыз, менин жеңелерим жана бөлөм Жылдызка. Аталарыбыз да кээде каралашып калат. Чоң атасы паркка алып чыгып ойнотсо, таятасы автоунаасына салып жумушуна чейин алып барат. Мени ар тараптан колдоп, жардам берип турушат. Бир тууган Эрнис деген деген байкем бар, ага баары жакын: «Эйнис», – деп артынан калбай ээрчип жүрө беришет.

– Балдар бала бакчага барышат да ээ?
– Үч балабыз бала бакчага барышат. Кудай буюрса, Жантайды бала бакча курагына жеткирип алсак иштейм деген пландарым бар. Эрмек менин иштешиме каршы эмес, ал адам өсүп турушу керек деген көз карашта. «Балдар чоңойсо иштейсиң, сага бир жумуш ачып берем, эмне менен алек болууну каалайсың?» – дейт. Бирок өзүм эмне жумуш менен алектенеримди жакшы ойлоно элекмин. Банктагы ишимдин режими олуттуу болгондуктан, эми ал жакта иштей албайм деп ойлойм. Мени мода, сулуулук дүйнөсү кызыктырат, балким, сулуулук салонун ачам. Бул азыр жөн эле ой болуп жатат. Буюрса, кандайдыр бир жеке бизнес ачууга аракет кылам.

– Эрмек “Тамашоуну” алып барып жатканда олуттуу көрүнөт, үйдө кандай?
– Көптөр ушинтип сурай беришет. Кырдаалга жараша олуттуу боло турган жерде олуттуу эле. Жумушу ошону талап кылат. Жеке мага жумшак мамиле кылат. Өзү ак көңүл, камкор, жумшак адам. Кайда болбосун дайыма күлдүрүп, маанайымды ачып турат. Дүкөнгө барабызбы, кафеге алып барабы ошого жараша тамашасы болот. Негизи экөөбүздүн үй-бүлөбүз жайдары адамдар, өзгөчө Эрмектин үй-бүлөсү. Баары чогулганда абдан шаңдуу отурушат.

– Эрмек менен кандайча табышканың да кызык болуп турат, “Тамашоу” дүркүрөп турган учурда табышсаңар керек?
– Ооба, бирок мен ал кезде “Тамашоуну” билчү эмесмин, Масляковдун гана КВНин көрчүмүн. Биз Одноклассники сайтынан капысынан таанышып калганбыз. Ал жактан кат жазышып, абал сурашып жүрүп кийин телефон номеримди сурады. “Эрмектин атын жамынган фейк болбоду бекен?”- деп ойлонуп жатып номеримди көптө бергем. Мени ата-энем катуу кармашчу, алгачкы жолугушууда мен терезеде, ал жерде туруп уюлдук телефон аркылуу эки саат сүйлөшкөнүбүз эсимде. Биз үч ай сүйлөшүп анан баш коштук.

– Ал үч ай ичиндеги кайсы көз ирмемдер эсиңде калды?
– Эрмек абдан романтик, анын сюрприздери унутулгус. Мага белекти “Мегаком” компаниясы, МАИ кызматкерлери аркылуу берчү. Бир жолу Улан Барпиев “Мегаком” компаниясынан чалып белек утуп алганымды айтты, ошол учурда белек уттуңуз деген алдамчылар көп болчу. Андыктан ишенген жокмун. Улам чала бергенинде сейилдегенче деп сиңдимди ээрчитип алып бардым. Улан Барпиев белек салынган баштыкты тапшырды. Үйгө келип баштыкты ачсам мага жаккан туфли жана “Тамашоуго” чакыруу билет бар экен. Андан мурда Эрмек мени өзүнө кийим тандашып койчу деп дүкөнгө ээрчитип барган. Ошондо мен ал туфлини жактырып кармап көргөм. Эрмек байкап калган окшойт, сатуучуга барып акырын бутумдун өлчөмүн сурап, мага сюрприз кылам деп алып коюптур. Кийин автоунаам менен баратсам, МАИ кызматкери кур тагынган жоксуң деген шылтоо менен токтотуп, баштык алып келип берди. Эмне экенин сурасам: «Менден эмес, сизге бирөө берди», -деп ыңгайсыз болуп кетип калды. Баштыкты ачсам дагы туфли экен, “Э.Н”, – деп жазып коюптур. Баш кошконубуздан кийин деле жагымдуу сюрприздерин тартуулап келет. Акыркы жолу “Айфон” белек кылды. Эки жаштагы балам сумкамды көтөрүп келе жатыптыр, ордуна коёюн деп алсам телефон бар экен. Эрмек күлүп залда олтурат. Кубанып сюрприздери өзгөчө экенин айтып, бетинен өөп ыраазы болдум.

– Чыгармачылыкка жакындыгың барбы?
– Мен бала кезде ырчы болгум келчү. Мектепте окуп жүргөндө вокалдык ийримге катышчумун. Дженнифер Лопес абдан жагат, анын дикстерин чогултуп, ошондой дүйнөлүк масштабдагы ырчы болууну самачумун. Ал балалык кыялым боюнча калды. Азыр балдарыма гана ырдап берем.

– Келбеттүү айымсың, балким кинотасма же клиптерге тартылууну каалайсың?
– Эрмек менен чогуу болгондон бери тамашалаганды дагы жакшы билип калдым. Мен кээде Эрмекке тамашалап: «Кино тартсаң, актриса издөөнүн кереги жок. Кандай роль болбосун аткарып берем», – десем, ал да тамаша менен: «ой, буюрса, чакырам, сага ылайыктуу тасма жок да», – деп көңүлүмдү көтөрүп коёт. Үйдөгүлөр да актриса болсом ролду мыкты аткарарымды айта беришет. Анткени үйдөн жеңелеримди күлдүрүп, бирөөнү дал өзүндөй туурап берип коём. Бул жагынан Эрмек экөөбүздө окшоштук бар.

Динара ЧОКОЕВА
Булак: Леди.kg гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: