Menu

Фотобаян – Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Намояндагон Маджлиси Оли Маджлисинин Төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда Тажикстан Республикасына расмий визитинин алкагында Тажикстандын Намояндагон Маджлиси Оли Маджлисинин Төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуулар  жогорку ишеним көрсөтүү деңгээлинде өткөндүгүн айтып, тараптар  урунттуу маселелер боюнча  жалпы тил табышкандыгын баса белгиледи.

“Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын сыпатталышы боюнча мындан аркы аракеттерибизди аныктадык. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч аракетти жумшоо зарыл. Мамлекеттик чек аранын делимитациясы аяктайт деп элдерибиз  көптөн бери күтүп жатат”, -деди  Президент Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга визити  Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 25 жылдыгына туш келгендигин жакшы жышаан катары белгиледи. “Бул жылдары биргелешкен күч аракет менен  бардык урунттуу багыттар боюнча натыйжалуу кызматташууну жөнгө салдык,”- деп Президент  эгемендик жылдары өлкөлөр оор сыноолордон өтүп, туруктуулуктун, тынчтыктын жана өнүгүүнүн жолуна түшкөндүгүн кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттер аралык кызматташуу кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүүгө өбөлгө болууга тийиш экендигин баса белгиледи. “Сиздерге белгилүү болгондой, Кыргызстан парламенттик өлкө. Бул жагынан алганда биз  Тажикстан менен парламенттер аралык кызматташууну ырааттуу өнүктүрүүгө кызыктарбыз”, -деди Сооронбай Жээнбеков.

Тажикстандын  Намояндагон Маджлиси Оли Маджлисинин Төрагасы Шукуржон Зухуров Сооронбай Жээнбековду парламенттин атынан жылуу тосуп алып, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.  “Биз Сиздин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланганыңызга кубанычтабыз. Сиз Премьер-министр катары өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташууну чыңдоо үчүн реалдуу кадамдарды жасадыңыз. Мамлекет башчысы катары ошол иштерди улантасыз деп ишенем”,- деп Шукуржон  Зухуров,  эки өлкөнүн элдерин көп кылымдык достук байланыштыраарын кошумчалады. Шукуржон Зухуров Тажикстан парламенти  эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн маанилүү макулдашууларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: