Menu

Зиядин Жамалдинов: «Алынган кредиттер башка жакка кетип жатканын ЖЭБ көрсөтүп койду»

Бөлүшүү:

«Кытай мамлекетинен кредит катары алынып келинген 386 млн доллар Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого жумшалдыбы?» деген суроо жообун таппай турат. Парламент жетинчи кабат үчүн керектүү болгон мыйзам долбоорунун бир сүйлөмү туура болбой калыптыр деп кезексиз жыйынга чогулса, -25 градус суукта тоңуп олтурган элди ойлоп кезексиз жыйынга чогулмак түгүл, аварияга баруудан коркуп олтурушту. Көлөкөсүнөн корккон депутаттар шаршемби күнү өкмөттү чакырып алып өздөрүнчө “баатыр” болушту, кыйкырыкты катуу салып. Көпчүлүк жообуна кызыккан «386 млн доллар акча ЖЭБ үчүн коротулганбы?» деген суроого айрым депутаттардын жообун угуп көрдүк.

— Туура, азыр 386 млн доллар Бишкек ЖЭБди модернизациялоого сарпталдыбы деген суроо берсек туура болот. Менин оюмча, 386 млн доллар деген өтө көп акча. Бул акчага ЖЭБди модернизацилоонун ордуна, жаңы ЖЭБ куруп койсо деле болот эле да. Бул авария ошол акча натыйжалуу пайдаланылбагандыктан келип, чыгып олтурат. ЖЭБди модернизациялап бүткөндө ар бир болтуна чейин жаңыртылды деп КТР тим эле даңазалап көрсөтпөдү беле, Мына эми, ошол жерге барып 386 млн долларга модернизация болгон ЖЭб иштен чыкты деп даңазалайбы?

Ошондуктан биз алынган кредиттерди сарамжалдуу, эффективдүү колдонсок ушундай көрүнүштөр болмок эмес. Алынган кредиттер башка жакка кетип жатканын ЖЭБ көрсөтүп койду. Арадан бир жыл өткөн жок. Эки күн эле суук болду. Күндүн жылышы биздикилерди сактап калды. Бир жума суук болсо эмне кылат элек? Алар кредит алып жатканда ЖЭБ жабдыктары эскирди, оңдойбуз деген да. Туура, оңдош керек эле. Биринчи кезекте ЖЭБди Кыргызстандын көмүрүнө өткөрүш керек эле, бул аткарылган жок. Экинчиден, экологияны бузбай турган жаңы фильтрлерди коюп, биз жакшы иштетебиз деди эле. Үчүнчүдөн, баарын мыктылап ремонт жасадык деген. Мына жасаган ремонтунун натыйжасы. Алар айткан үч максат тең бүгүнкү күндө ишке ашкан жок. Азыр эми күнөөлүү деп ЖЭБдин жетекчисин жумуштан алат. Иш жабылды, басылды болуп эле баары унутулуп чыга келет. Менин оюмча жок дегенде ушул ЖЭБди үлгү катары алып чыгып туруп, ишти аягына чыгарыш керек. Комиссияны түзүп, адистерди алып барып, 386 млн доллар чындыгында эле ошол жерге кеттиби, бир тыйынына чейин кантип сарпталганын текшерүү жүргүзүш керек. Ошол текшерүүнүн натыйжасында кимдердин кулкуну ачылып кеткени көрүнөт. Союз мезгилинде бул тармак бардыгы бир эле болчу, бир эле жетекчи башкарчу. Азыр болсо төрткө бөлүнүп кетти. Ар кимисинин өзүнчө шарттары, кол астында иштеген жумушчулары бар. Чиновниктерди көбөйтүп алдык. Бирок, энерго тармагында эффект жок. Ошондуктан булардын баштарын бириктирип, бир адам башкарчу кылып коюш керек. ЖЭБдин жетекчисин кызматтан кетириш керек эмес. Иш козгош керек. Канчалаган жарандарыбыз жылуулуксуз калды. Жылыткыч трубалары тоңуп, жараксыз болуп зыян тартышты.

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: