Menu

Жээнбай Букаров: “Кызымдын өлүмүнө кайгырып жатсам, айрым кызматкерлердин басмырлоосуна калдым”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти 

С.Ш. Жээнбековго

Ысык-Көл областынын Каракол

шаарынын Восход кичи районунун

8-үйүнүн 18-батиринин жашоочусу

Букаров Жээнбайдын

Коррупциялык мамилелерди

айыптоо багытындагы

Арызы

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

1993-жылы кызым Жээнбаева Нургүл Ак-Суу районундагы Жол-Колот айылынын тургуну Жакыпов Сапатбек Төлөновичке турмушка чыгып, андан кийин 3 жыл жашап, ажырашып кетишкен. Бул аралыкта бир кыздуу болушкан. Арадан 20 жыл өткөндөн кийин кызы бойго жетип турмушка чыгат. Кийинчерээк Россияда иштеп жүрүп келген Нургүл Жээнбаева 42 жашында кайрадан күйөөсү менен ымала кылуу жагдайына өтөт. 20 жылдан кийин кайра эле жубай болуп жашайлы дегендердин тилеги таш каап, аягы кайгылуу трагедия менен бүттү.

2017-жылдын 9-сентябрь күнү 20 жылдан кийин күйөөсү менен кайра жарашам деген кызымдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси Ак-Суу районунун Жол-Колот айылындагы Бакеев көчөсүнүн №6 дарегиндеги Жакыпов Сапатбектин короосундагы бактын ичинен табылды. Эксперттердин айтымына караганда жана сөөктү кароо мезгилинде кызым Нургүл 3-4 күн мурда эле өлтүрүлүп, чөптүн арасына ташталып салынган деп бааланды. Анткени, Нургүлдүн өлүгү жаткан жерде адамдын каны жерге акпай, ал ага чейин эле башка жакта түгөнгөнү байкалат. Болгону сөөк шишип, курттай баштаган экен. Мурдагы күйөө балам кызым каза болгон үйдө көп жылдар бою өгөй энеси менен жашап, өмүрүнүн көпчүлүгүн ичимдик ичип, ар кандай кыянаттык жосундарды жасоо менен өмүр өткөрүп келген. 20 жылдан кийин «Мейли кызыбыз үчүн кайра баш кошуп жашайлы»- деп, ынтымакты колдогон жубайын мынчалык мыкаачылык менен өлтүрүүгө эмне негиз болду деген суроого менин баамымда тергөөчүлөр толук жооп таба алышкан жок. Ал гана турсун, Жээнбаева Нургүлдүн өлүмү аракты көп ичүү менен болгон деген тыянакты чыгарган Ысык-Көл областтык соттук медициналык экспертизанын химиялык эксперти СВЕТЛАНА ЖАПАРОВА каза болгон Н.Жээнбаеванын алынган канынан 3,79 промил өлчөмүндөгү этил спирти чыкты деген жыйынтык чыгарып берген.

Буга карабастан бул кылмыштуу окуянын биринчи тергөөчүсү, Ак-Суу райондук милициянын капитаны РЕНАТ ЧОШТЕКЕЕВ жыйнаган алгачкы тергөө маалыматтарында Нургүлдү Сапатбек Жакыпов мыкаачылык менен өзү өлтүргөндүгү аныкталган. Андай көрсөтмөнү Сапатбектин жакын дос-иниси (бирге арак ичишкен) Акылбек Ногоев ырастайт. Ал эми, Сапатбектин өгөй энеси Гулгакы Абдылдаева мындан сырткары Сапатбектин жакын эжелери Айнура Жакыпова берген көрсөтмөлөрдө Сапатбектин Нургүлдү өлтүргөн деген кыйыр түшүнүктөрү кашкайып көрүнүп турат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргызстанда адамдардын бири-бирин жек көрүп өлтүрүп жатышы жаңылык деле эмес. Бирок, дал ошол мамлекетте бүгүн кылмыштуу окуяларды бурмалап, кылмышкерди жеңил жазага тартууга же колдон келсе актап салууга аракет жасаган кызмат адамдары ачык эле мыйзамды бурмалап, карапайым адамдардын укуктарын тебелеп жаткандыгына Сиз кандай карайсыз? Мисалы менин кызымдын Жакыпов Сапатбек тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн иши толук бурмаланып, боюнда бар болуп кош бойлуулугунан ичим ооруп жатат деп айткан Нургүлдү, ичкиликтен өлдү деп тыянак чыгаруу кимдин колунан келди?

Мен кызымдын өлүмүнө терең кайгыруу менен ага кошумча айрым кызмат адамдарынын басмырлоосунда калдым. Ысык-Көл областындагы Балыкчы шаарында жайгашкан областтар аралык эсептөө палатасында Бакеева Жумагүл деген аудитор аял кызымды өлтүргөн күйөө балам Жакыпов Сапатбектин атасы Төлөн менен бир тууган адам. Сапатбекти милиция камаганда Ж.Бакеева  бир жума Ак-Суу райондук прокуратурасы менен Ысык-Көл областтык прокуратурасын башына кийип алды. Анын аракети менен бир нече саатка киши өлтүрүү статьясы менен камалган канкор Сапатбек Жакыпов заматта райондук ооруканага барып 10 күн жатып алды. Канкорго мындай камкордукту Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ысык-Көл аймагында аудитор болуп иштеген Ж.Бакеева жасады. Дал ушул адам бир нече ирет аудитор катары областтык прокуратураны жана райондук прокуратураны текшерип жүргөн. Муну атайын документтер ырастайт.

Урматтуу Президент!

ЖУМАГҮЛ БАКЕЕВА эсептөө палатасынын аймактык аудитору гана эмес ал Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын кылмыш иштер боюнча коллегасынын орун басары болуп иштеп жаткан, буга чейин областтык сотту төрага болуп 6 жыл жетектеген АСАНБАЕВ БОЛОТ СУЛТАНОВИЧТИН бир тууган иниси же маркум АСАНБАЕВ КУРМАНБЕК СУЛТАНОВИЧТИН аялы болот. Ысык-Көл областынын сотуна төрага болуп иштеген Асанбаев Болот Султанович областтык прокуратурага жана милицияга ар кандай өтүнүчтөрүн келтирип, кызымдын жазыксыз өлүмүнө байланышкан кылмыш ишти бурмалап айламды кетирди деп эсептейм. Дал ошол, Болот Асанбаевдин келини Жумагүл Бакеева менин кызымды 3,79 промил этил спирти канынан чыкты деп тыянак чыгарган химик эксперт СВЕТЛАНА ЖАПАРОВАНЫН бир тууган абысыны болуп саналат. Ал эми, химик-эксперт Светлана Жапарова Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы иштеп келген Болот Асанбаевдин жубайы.

Бул маалыматтар кызымдын өлүмүнө байланышкан кылмыш ишти түз алып барууга жолтоо болгон, тергөөчүлөрдү кыйнаган жана адилетсиздикти жараткан, маркумду жаман-атты кылган, канкорду актоого аракет кылган адамдар экенин урматтуу президент билсеңиз экен. Бири мамлекеттик чоң чиновник, аудитор, айыпталуучунун бир тууган эжеси Жамагүл Бакеева. Экинчиси айыпталуучунун кудасы, учурда областтык соттун кылмыш ишин жетектеген Болот Асанбаев. Үчүнчүсү маркумдун атын жаман-атты кылган Ысык-Көл областтык соттук медэкспертизанын химик-эксперти, област сотунун жубайы Светлана Жапарова.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кызымды өлтүргөн айыпталуучу Сапатбек Жакыповду ушундай адамдар колдоп кылмыш ишти бурмалап турса, мен кантип адилеттүүлүккө жетишем? Кантип киши өлтүргөндөрдү мыйзам чегинде жазалоого жетишем? Соттук медициналык эксперт С.Жапарованын аракети менен кызымдын боюнда бар фактысы документте жазылбай калган. Облсот Б.Асанбаевдин жардамы менен жок жерден 10 күн ооруканада жатып – бүгүн мен Нургүл Жээнбаеваны өлтүргөн эмесмин деп карганганды үйрөндү.

Урматтуу Президент!

Мен сизге 2017-жылдын сентябрь айында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 42 жаштагы кызым Нургүл Жээнбаеванын кылмыш өлүмүнө байланышкан кылмыш ишин бурмалаган мамлекеттик кызматкерлердин коррупциялык аракеттерин так билдирип жатам. Бул кылмыш иш 2017-жылдын 25-декабрында Ак-Суу райондук сотунда төрага Н.Ж. Ибраимовдун кароосунда болуп, кылмыш ишиндеги олуттуу мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Ушунун өзү эле жогоруда аталган кызмат адамдарынын коррупциялык таасирин айгинелеп турат. Сиз бул фактыга катуу чара көрүнүшүңүздү суранам. А балким, менин арызым сизге жетпей калаар. Андай болсо мен маалымат каражаттары аркылуу сизге жеткирүүгө аракет кылам. Бул чуулгандуу окуяны өлкөнүн башкы прокуратурасы менен бирдикте катуу текшерип беришиңизди суранам. Канкордун колунан каза болгон кызымдын сөөгүн кайра эксгумацияга алып, толук медициналык экспертизалык текшерүүдөн өтүшү зарыл.

Биздин Кыргызстанда мыйзамдын адилеттүүлүгү иштейби же кайнага-келиндин, абысындардын мамилесин чечеби? Адам өлтүргөн кишилердин кылмыш ишиндеги кыянатчылыктарды калыбына келтирип кайрадан соттук, медициналык экспертизаны өткөрүүгө жардам бериңиз. Менин кызымдын жазыксыз өлүмү бүгүн Ысык-Көл областында катуу талаш-тартыш жаратты. Карапайым эл чоңдор жеңеби же чындык жеңеби деп карап турушат. Сооронбай Шарипович! Сиз президент катары, конституциялык мыйзамдын гаранты катары бул кылмышты адилеттүүлүгүнө жеткиресиз деп ишенем. Албетте, мыйзамды менчигиндей колдонгон абысындарды, кайнага-келиндерди өз ордуна коюп, мыйзам чегинде жоопко тартасыз деп ишенем.

Бул арызга Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, кылмыштуу окуяны биринчи тергеген капитан Ренат Чоштокеев тарткан фото-сүрөттөрдү жана соттук документтерди тиркедим.

Сизди терең урматтоо менен зарыга жооп күткөн, киши өлтүргүч канкордон, коррупционер чиновниктерден жабырланган эмгектин ардагери, 68 жаштагы Жээнбай Букаров

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: