Menu

Бишкек милициясын Мирлан Муктаров талкалаганы калдыбы?..

Бөлүшүү:

(Өкмөттүн алдындагы коргоо комитетинин башчысы Араевдин назарына)

Соңку күндөрү Бишкек ШИИББнын өздүк курамдын ичиндеги эң орчундуу маселе коомчулуктун назарына ачыкка чыга баштады. Айрыкча интернет булактары менен маалымат каражаттарына Бишкек милициясынын башчысынын орун басары, милициянын майору Муктаров Мирлан Капаровичке карата нааразычылыктардын байма-бай жарыяланып жатышы эмнени билдирет? Баскан изинен шек жаратып, кылган кызматы “чуу куйруктук” жүрүш менен коштолуп жаткан милициянын майорунун буга чейинки изи анын бүгүнкү ээлеген кызматына шайкеш келеби? Же өмүрүндө тыңгылыктуу кылмыш ачып көрбөгөн эргулду жооптуу кызматка кайсы “эрдиги” үчүн көтөрмөлөшкөн? Эмесе, дал ушул МЕНТтин айланасындагы каңкууланган иштерге көңүлүңөрдү буралы.

Буга чейин Бишкек ШИИББнын башчысынын орун басарлыгында Самат Курманкулов, Сталбек Рахманов, А.Белункас өңдүү чыныгы ишбилги адистер иштеп турганда шаардык милицияга бүгүнкүдөй нааразычылыктар жаралган эмес. Анткени, аттары аталган береги кызматкерлер таза жана иштин көзүн билип, ошого катар өздүк курамга олуттуу көңүл бурушуп, кызматкерлердин жылуу пикирлерине арзып келишкен. Ал эми ошол эле кызматты аркалап турган Мирлан Муктаров тарабынан өздүк курамга бүгүн кандай мамиле уланып жатат? Эмесе, андай иштерди биз бу майор МЕНТтин алдына суроо катары жолдоп көрөлү. Духу жетсе, албетте, үн катаар.

Ушул күндөрү Мирлан Муктаров тарабынан аз убакыттын ичинде Бишкек ШИИББнин өздүк курамдагы 100гө жакын милиционерлер негизсиз тартиптик жазаларды алышканы кандай? Буга да алымсынбаган бу эргул борбордук аппараттын эки кызматкерине иш козготуп, жыйынтыгында негизсиз жерден адилетсиздикке дуушар болгон алар бүгүн соттон утуп алуунун астында турушканычы? Анын бири кадимки саясый ишмер, белгилүү депутат Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы экенин көпчүлүк МЕНТтер жакшы билишет. Иш боюнча өзүнүн ой-пикирлерин, ага удаа сын айткан кол алдындагы кызматкерлерин Мирлан Муктаров куугунтуктап, ИИМдин ички кызматынын кызматкерлерин алардын артынан түшүрүп, ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, иштен алып келгенин танабы? Бүгүн бул “кадр” тарабынан адилетсиз жагдайда жаны ачып, акыры сотко кайрылышкан 10 “кызыл шапкечен” биринчи инстанциядагы соттон утуп алса, калган 22 милиционер сот аркылуу Муктаровго көргөлүктү көрсөтүүгө ашыгып жатышканы каңкууланды. Буга чекитти фемида өкүлдөрү коюшаар. Биз болсо Муктаровдун ишиндеги моралдык жагын тизмектөөгө аракет кылалы.

Бишкек ШИИББнын жеке менчик кызматындай көргүсү келген Мухтаров өздүк курам ичиндеги улуу кызматкерлерди кемсинтүү менен оозго алгыс сөздөр аркылуу сөккөнүн шаардык милициядагы сакалдуу агаларыбыз деле танбаса керек. Улуу-кичүүнү ылгабай, баарына сенсиреп мамиле кылганы адамгерчиликке жатабы? Бишкек ШИИББнын башкы имаратында эмгектенген 400гө чукул милиция кызматкерлери дал ушунун кылык-жорук, жүрүм-турумдарына тоюп, жакында Муктаровго көргүлүктү көргөзүүгө ашыгып жатышканы күбүр-шыбыр кепке айланды.

Башкасы жетишпей жаткансып, өзүнүн аялы минип, айдап жүргөн “Гелендваген” аттуу кара түстөгү жолтандабас машинасына Дордой базарында иштеген милиционерлерди кыйнап, алардын эсебинен 70 миң сомго кышкы дөңгөлөк алдырганы ырасталабы? Буга чейин Дордой базарындагы милиционерлер шаардык жетекчинин кордуктарына чыдабай, интернетке катуу кайрылуу менен айыптап чыкканы эсиңердеби? Мындай маалыматтардан соң Муктаров аларды кыйнап, кайрадан маалымат каражаттары аркылуу түзөтүү бердиргеничи? Милициянын майору болуп туруп, Бишкек шаарындагы элиталык батирди кайсы акчасына алганын далилдей алабы? Катар-катар кымбат баалуу унааларын кайсы акчасына алды?

Биз азырынча Бишкек ШИИББдеги милициясынын “монстрына” айланган Мирлан Муктаровго карата жогорудагы суроолорубузду гана жолдой туралы. Ага удаа “былык-чылык” жүрүштөрүн өлкөбүздүн коопсуздук кеңеши менен башкы прокуратуранын назарына сунуштамакчыбыз. Эгерде башкы прокурор Индира Жолдубаева жогорудагы суроолорубуздан соң, Мирлан Муктаровдун баскан изин тыкыр текшерүүгө алып, желкесинен сүйрөп келип суракка алдырса, тез эле “бала баатырдын” артынан бүксүгөн жыттар чыгат беле? Президенттик аппарат менен өкмөттүн тиешелүү бөлүмдөрү да бул ишти өз көзөмөлдөрүнө албаса, шаардык милициядан жакынкы күндөрү чоң чыр чыгып кетчүдөй. Бишкек шаарынын тургундары менен жогорку бийлик өкүлдөрүнө азырынча ТЭЦтин көйгөйү жетиштүү болуп турганда, шаардык милиция кызматкерлеринин бунт көтөрүүсүн чыгартпай, “баш ооруну жаратпайлы” дешсе, “шектүү кадрды” дароо текшерүүгө алуулары зарыл. Шаардык милициянын башчысы Сталбек Рахманов болбурап, берки орун басарына азырынча күчү келчүдөй эмес. Эптеп-септеп кирди-чыкты жүргөн араңжан неме окшобойбу? Болбосо, Бишкек шаарынын башкы милициясы кол алдындагы орун басарынын кылыгынан кабардар болсо, кызматкерлерди “кууруп жатканын” неге көрбөйт? Эгерде Рахманов эрктүү, мамлекетчил болсо, Муктаровду көчүккө тээп туруп, Бишкек милициясынын куттуу жайынан биротоло кууп чыгат эле да.

Кыскасы, дал ушул ызы-чуудан арылбаган Мухтаровдун “шектүү ишмердигине” жогорку жетекчилик неге унчукпайт? ИИМдин кадыр-баркына шек жаралып атса, кандайдыр бир деңгээлде чара көрүлбөйбү?

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: