Menu

Видео – Али Феруздун Орусиядан чыгып кетишине уруксат берилди

Бөлүшүү:

2-февралда Москва шаардык соту «Новая газетанын» журналисти Али Ферузду депортациялоо тууралуу Басман райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, анын өзү каалаган өлкөсүнө чыгып кетүүсүнө уруксат берди.

Ферузда Кызыл чырым уюму тарабынан берилген жол жүрүү документи, ошондой эле немис визасы жана Германияга учууга билети бар. Буга чейин бул өлкө журналистке башпаанек берүүгө даяр экенин билдирген.

Адвокат Даниил Хаймовичтин айтымында, Феруз арыз жазгандан кийин үчүнчү өлкөгө чыгып кете алат. Сотто журналист мындан ары Орусияда башкалка же качкын макамын алууга аракет кылбай тургандыгын айтты.

Али Феруз деген лакап ат менен таанымал Худоберди Нурматов Алтайда төрөлүп, мектепти ошол жакта аяктаган. Бирок кийин Өзбекстандын жарандыгын алып, анда жарандык активист катары коомдук иштер менен алектенген. Ал сегиз жыл мурда өз мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ташкентте журналистке “террорчул уюмдар менен кызматташкан” деген айып коюлган.

Өзбек бийлиги бир канча жылдан бери Феруздун Өзбекстанга депортацияланышына аракет кылып келет. Журналист Орусияда качкын макамын алууга документтерин 2014-жылы тапшырган, бирок ага баш тартып коюшкан.

Феруз миграциялык мыйзамдарды бузган деген кине менен былтыр мартта Москвада кармалган. 1-августта экинчи жолу кармалганда аны тез арада Өзбекстанга депортациялоо чечими кабыл алынган.

Журналисттин адвокатынын айтымында, анда ал «Өзбекстанга баргандан көрө өлүп калганы жакшы экенин айтып», өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.

Ферузду Орусиянын журналисттер бирлиги, «Чек арасыз кабарчылар» жана Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмдары коргоп чыгышкан.Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңеши дагы Ферузду депортациялоо Конституциянын талаптарына жана Адам укуктарын коргоо боюнча Европа конвенциясына каршы келерин билдирген. Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа соту доо арыздар боюнча соттун чечими чыкканга чейин журналистти Өзбекстанга депортациялоого тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: