Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Алматы шаарында санариптик трансформация жаатындагы алдыңкы эл аралык эксперттер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Алматы шаарында  санариптик трансформация жаатындагы алдыңкы эл аралык эксперттер жана Дүйнөлүк Банк өкүлдөрү  менен жолугушту.

Жолугушууга «Gatrner» башкаруучу вице-президенти Андреа Ди Майо, Великобритания Өкмөтүнүн технологиялар боюнча кеңешчиси, «Digital -5» координатору Лиам Максвелл, Дүйнөлүк Банктын ИТ жана электроника багытынын жетекчиси Данил Керими, Дүйнөлүк Банктын аймактык директору, Борбор Азиядагы, Азербайжан жана Монголиядагы IDC аймактык директору Андрей Беклемишев, Дүйнөлүк Банктын санариптик стратегия боюнча глобалдык лидери Рандип Судан катышты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков «Таза Коом» программасын ишке ашыруунун негизги баскычтары жана өлкөнү санариптештирүүнүн алгачкы жыйынтыктары жана пландары тууралуу айтып берди.

«Бизде санариптештирүүнүн көмөгү аркылуу Кыргызстандын бардык тармагында чоң өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жакшы мүмкүндүк бар. Бизде убакыт тар, дүйнө жүзү өнүгүү максаттарына жаңы технологиялар аркылуу жетишүүдө. Алар билим алууга жана маалыматка  жеткиликтүүлүктү ыкчамдатат жана жеңилдетет. Биздин мамлекет чоң эмес, сапаттуу билим берүү, жарандарыбыздын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү Кыргызстандын алга жылуусуна чоң түрткү берет», – деп белгиледи Премьер-министр.

Рандип Судан белгилегендей, республикада ишке ашырылып жаткан «Таза Коом» программасы жана анын максаттары жакшы таасир калтырат.

«Бул өлкө Өкмөтү тараптан жасалган жакшы демилге. Эми «Таза Коом» алкагындагы бардык долбоорлорго инновациялык чечимдерди табуу зарыл. Кыргызстан ири IT компаниялар үчүн инновациялык чечимдерин ишке ашырууда натыйжалуу платформа болуусу керек», – деди эксперт.

Андрей Беклемишевдин айтымында, IDC компаниясы мыкты дүйнөлүк тажыйбалар менен бөлүшүүгө жана маалыматтык технологиялар жаатында зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр.

«Кыргызстанда бардык долбоорлор өтө тездик менен, анын ичинде санариптик программаларды ишке ашыруу жаатында да ыкчам ишке ашырылууда. Бул абдан кубанычтуу», – деди ал.

Өз кезегинде Лиам Максвелл кошумчалагандай, санариптештирүү так экономикалык натыйжа берет жана мамлекетик башкаруунун жана жалпы коомдун ачык-айкындуулугуна чоң салым кошуу менен калктын бийликке карата ишеним деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.

«Кыргызстан жыйынтыкка багыт алуу менен ыраттуу кадамдар аркылуу прогресске жетишүүсү керек», – деп эсептейт Великобритания Өкмөтүнүн технологиялар боюнча кеңешчиси.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтык, санариптештирүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы жана аталган тармактагы башка маанилүү багыттар, бажы жана салык тармактарындагы реформаларды жүргүзүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар IT технологиялар боюнча компетенциялык борборлорду уюштуруу келечеги, мамлекеттик башкаруу, санариптик трансформациядагы бизнестин ролу жана жаңы рынокторду түзүү маселелерин көтөрдү.

«Санариптештирүү бизнестин катышуусуз ишке ашырылбайт. Биздин алдыбызда маанилүү милдет – бизнес-коомчулукка инновациялык жаңы рынокту, ошодой эле жумушчу күч рыногун түзүүгө көмөктөшүү керек. Бизге жогорку санариптик компетенциясы бар адистер керектелет, буга катар калкын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу зарыл», – деп жыйынтыктады Премьер-министр Сапар Исаков.

ПМ1

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: