Menu

Кожобек Рыспаев КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Андагы министр Осмонбек Артыкбаев ТЭЦти реконструкциялоо үчүн кытайлык компанияны мыйзамсыз өткөзгөн”

Бөлүшүү:

— Кожобек Жайчыбекович, парламентте ТЭЦти реконструкциялоо укугун кытайлык компанияга берүү маселеси талкууланып жатканда, сиз каршы болгон экенсиз, эмне үчүн? Алар ишти сапаттуу жасаарына ошондо эле күмөн санадыңыз беле?

— Мен мыйзамдуулугун эле карагам. TBEA – жеке менчик компания. Жеке менчик компаниянын эл аралык келишимге укугу жок. Мамлекеттик сатып алуу боюнча тендерге же конкурска катышышы керек болчу. Булар тендерге катышкан эмес. Кытай тарап кредитке акча берди дагы, анан “ушул компания курат” деп кошуп берип койду да. Бул дегеле мыйзам бузуу болгон ошол убакта. Мен модернизациялоого же болбосо ТЭЦ курганга азыр деле каршы эмесмин. Мен мыйзамсыз курулганына каршымын. Бул кредитке келип аткан акча. Кредитке алган соң, биз кайта пайызы менен төлөп беребиз олчойтуп туруп. Мен ошон үчүн “ырас, мамлекет, Кыргызстандын жарандары чогултуп берген акчаларды төлөп берип аткан соң, баасын карагыла, бул канчага курулат, тендер кылгыла, 100 миллионго ылдый куруп берели (!) деген бөлөк компаниялар келип атат” деп чырылдагам. Ошол убакта министрибиз Осмонбек Артыкбаев болчу, келип, “тез арада өткөрүп бербесеңер, бул акча күйүп кетет экен” дегенинен макул болгонбуз. Бирок, “ТЭОлорун туура кылып алып келгиле” дегенбиз. Аябай көп тапшырмалар болгон. Менин чечимдеримде жазылып турат: минюстка запрос бергеним, “мыйзамдуулугун карап бергиле” дегеним… Анан ошолордун баары аткарылбай туруп, 386 млн. долларга бүтүп, “эксплуатация болду” дегенден кийин азыр дагы кошумча контаркт түзүлүп, “биз куруп атабыз” дешет. Анда эмне үчүн эксплуатацияга берип, ачып атасыңар? Курулганы негизинен туура. Бүгүнкү күндө ошол агрегат иштеп атат, суукта ошол кармап калды. Бирок, канчага курулду? Анын баарын чечмелеп, чыгымдарын көрсөтүү керек. Эгерде чоң, олчойгон кошуп жазып койгон нерселер болсо, аны айтышыбыз керек “бул туура эмес” деп. Биз “кытай компаниясын багалы” деген жокпуз да. Бул кыргыздын акчасы.

— Сиздер ТЭЦке барып келген турбайсыздарбы? Алдын ала кандай тыянакка келдиңиздер? Авариянын себеби эмнеден болушу мүмкүн?

— Шалаакылык. Кышка даярдык болгон эмес. Элементарно трубалардын, датчиктердин баары тоңуп калган. Ошолорду атүгүл жылуулап коюшкан эмес. Ороп эле коюш керек болчу. Булар айтып атпайбы “долбоор боюнча каралган трубаларды гана жылуулайбыз” деп. Бул жерде чарбачыл болуш керек. Жетекчилер карап, “жылуулагыла, суук болсо тоңуп калат” деш керек болчу. Тогуз казан иштеп аткан, алты казан резервде болгон. Тогузунун тең насосу иштебей калып ылдый кеткен. Экинчи ветка менен “алты казанды иштетели” дешсе, аныкы да жок, тоңуп калган. Мына ошонун кесептинен ушул кырдаал жаралды.

— Гидрометтин маалыматы боюнча, буга чейин мындан да катуу суук күндөр болгон экен. Бирок, ошондо да ТЭЦ бузулбай иштеп турган. Эмне үчүн азыр бузулду анда?

— Демек, мурда буларда даярдык болгон. Алдын ала баарын караган. Азыр болсо баары карабагандан келип чыгат да.

— Өкмөт башчы эки адамдын: “Электрстанциялары” ААКнын жетекчисинин орун басарынын жана ТЭЦтин жетекчисинин жоопкерчилиги каралышы керек” деди. Сиз ушуга кошуласызбы?

— Мында түздөн-түз жоопкерчилик “Электрстанциялары” ААКында, ТЭЦте жана холдингде. Буларда техникалык директорлор, алардын орун басарлары, техникалык жагын караган инженерлери болот. Ошолордун жоопкерчилигин караш керек. Мен эми премьер-министр эмесмин, өздөрү карашсын. Бирок, күнөөсү жок бир адамды чаап салганды токтотуш керек. Мисалы, “Улан Рыскуловду чабабыз” дегендери туура эмес. Ал саясатын карайт, техникалык жагын карабайт.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: