Menu

Марс Сариев, саясый серепчи: “ТЭЦтеги көйгөй саясый оюндарга негиз түздү”

Бөлүшүү:

— Марс мырза, Бишкек ТЭЦтеги абал баарыбызга маалым болду. Ушул иштин саясый жагы кандай болот? Саясый жагынан жоопкерчилик болушу керек да, туурабы?

— Премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦтин жетекчиси баш болгон энергетикалык жаатты тейлеген тиешелүү башчылар жооп берерин айтты. Менин жеке пикиримде, жылытуу жаатыбызда система өзү туура эмес болуп, 25 жылдын ичинде профессионалдык сапат болбой калган. Мындай шартта кимдир бирөөлөрдү жумуштан алып, жаза берүү азыркы абалды оңдобойт.

— Айрым жарандык коомдун өкүлдөрү менен парламент депутаттары өкмөт башчы Сапар Исаковдун отставкасын талап кылып жатышпайбы. Алардын мындай демилгеси негиздүүбү? Чын эле бул маселе өкмөттүн отставкасына жол аччу иш болуп жатабы?

— Сапар Исаков отставкага кеткен күндө деле жылуулук берүү борборундагы система ошол боюнча эле калса, анда башка премьер-министр келсе дагы ушундай техногендик авариялар көбөйөт. Керек болсо башка тармактарда дагы болот. Бул болгону системанын туура эместиги. Ошондуктан, Сапар Исаков кеткен күндө деле системаны өзгөртпөсөк, анда өлкөбүз оңолбойт. Азыр саясый оюндар башталды. Алар ТЭЦтеги көйгөйдү кайсы бир жакка бурушуп, учурда айрым саясый күчтөр ыңгайдан пайдаланып, Сапар Исаковду кызматынан алып, өздөрү бийликке келгилери келип жатышат.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: