Menu

Сойлош үчүн жаралган адам ар кандай тешиктен сойлоп өтүп кетет

Бөлүшүү:

Ачуусун кармана албаган киши эң өчөгүшкөн душманы аны түртүп иймекчи болгон аңга өзү эле барып калат.

(Буддистердин накылы)

Эгер эки адам дайыма бири-бири менен макул болсо, демек, алардын бирөө эле ойлонот экен.

(Линдон Джонсон)

Эгер сен адамды жакшылыкка үндөгөнгө мүмкүнчүлүгүң болуп туруп, бирок, үндөбөсөң – бир тууганыңды жоготуп аласың.

(Кытай накылы)

Эч качан өзүңдү аяба. Пас кишилер гана өзүн аяйт.

(Харуки Мураками)

Соолукканда мас кезиңде берген баардык убадаларыңды аткарып көр – бул сени көп сүйлөбөгөнгө үйрөтөт.

(Эрнест Хемингуэй)

Принцибинде, эл аралык мамилелерде ыймандуулук Чыңгызхандын дооруна караганда көбөйүп кеткен деле жери жок.

(Наом Хомски)

Бул планетада бизди тартылуу күчүнөн башка эмне кармап турат?

(Станислав Ежи Лец)

Татаал нерсени баары эле жасай алат. Эң жөнөкөй нарсени жасаган кыйын.

(Ричард Бренсон)

Эң мыкты китептерди гана окугула, баарын окуганга үлгүрбөйсүңөр.

(Торо)

Адамдарга эмес, идеяларга кызыгыш керек.

(Мария Кюри)

Түшүмө турмуш кирди. Ойгонуп кетип, сүйүнгөнүмдү айтпа!

(Станислав Ежи Лец)

Адамдардын көбү оозу бош эмес болсо сүйлөгөндөн уялышат, бирок, башы бопбош, көңдөй болсо деле сүйлөгөндөн уялышпайт.

(Орсон Уэллс)

Тоого чыканда биз чокуну эмес, өзүбүздү багындырабыз.

(Сэр Эдмунд Хиллари)

Эркектин жүзү – анын өмүр баяны, аялдын жүзү – анын көркөм ой жоруусу.

(Оскар Уайлд)

Адабият секске көп убакыт бөлүп, балдарга көңүлдү аз бөлөт. Турмушта болсо баары тескерисинче.

(Дэвид Лодж)

Сойлош үчүн жаралган адам ар кандай тешиктен сойлоп өтүп кетет.

(Михаил Жванецкий)

Эмне үчүн тынчтыктын символу көгүчкөн болуп калган? Эмне үчүн жаздык эмес? Жаздыкта көгүчкөндүкүнө караганда канат көбүрөөк, анан калса, үрөй учурган тумшугу да жок.

(Джек Хэнди)

Кыскасын айтканда мындай: жөө бас – ошондо бактылуу болосуң, жөө бас – ошондо ден соолугуң чың болот.

(Чарльз Диккенс)

Биз эч кандай аракет кылбай эле жетишчү жалгыз нерсе – бул карылык.

(Глория Питцер)

Чымчык уйдун жонуна анын бүргөсүн терип бериш үчүн эмес, өз курсагын тойгузуш үчүн конот.

(Түрк накылы)

Бирөөлөрдүн көзүнчө айтылган кеңеш жемелөө, зекүү катары кабыл алынат.

(Кабус)

Эгер жер кезип жүргөн киши өзүнө окшош, же өзүнөн жакшы кишини жолуктура албаса, ал жалгыз эле жүрсүн: келесоо менен дос болуу мүмкүн эмес.

(Будда)

Кыктын үстүндө отурган киши сасык жыт эмне экенин билбейт.

(Кытай накылы)

Даярдаган Мамат САБЫРОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: