Menu

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Бөлүшүү:

Азербайжан президенти Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоону 11-апрелге дайындады. Октябрга белгиленген шайлоо мөөнөтү эмне себептен жылдырылганы айтылган жок.

Алиев – Азербайжан башкаруу партиясынан талапкер.

2016-жылы Азербайжанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөн.

Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары беш жылдан жети жылга узартылган. Бийликти атасынан мурастап калган 54 жаштагы Алиев 2003-жылдан бери өлкө башчы. Үч жолу (2003, 2008 жана 2013-жылдары) президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Анын ыйгарым укуктары 2018-жылы аякташы керек болчу.

Баш мыйзамдагы башка бир өзгөртүүлөр боюнча өлкөдө эки вице-президенттик кызмат түзүлгөн. Экөөнү тең ишке президент дайындайт жана бошотот. Эгер президент ыйгарым укуктарын аткара албай калса, бийлик премьер-министрге эмес, биринчи вице-президентке өтөт.

2017-жылы Алиев өз аялы, Межлис депутаты Мехрибан Алиеваны Азербайжандын биринчи вице-президенти кылып дайындаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: