Menu

Чокоева Роза: «Кызымдын тамагы “Аврорага” күйүп, анысы аз келгенсип тешилип калды»

Бөлүшүү:

Кырсык айттырбайт келет деген чын. Дегеним, кечээ эле эч нерсе менен иши жок, таттуу балалыктын кучагында оюндан башканы билбеген кыз «Аврора» казан-аяк жуугуч каражатын ичип алып, минтип оор жаракат менен күрөшүп жатат. Жанында баласынын оорусун көрүп жүрөгү жараланган эне күйпөлөктөп айласын таппайт.

«Күйөөм иче бергенинен ажырашып кеттим эле»

– Жалал-Абаддан болобуз. Төрт баланын энесимин, улуу кызым 10-класста, экинчиси 2-класста, андан кийинки кызым 4 жаш, кенжеси 1 жаш эки айлык. Жашообуз оор эле, анткени күйөөм экөөбүз баш кошкондон бери батирлеп жүрөбүз. Өзүбүздүн үйүбүз же туруктуу ишибиз жок, күнүмдүк жумуштарда иштеп акча таап балдарыбызды бакчубуз. Үйдө тынччылык, ынтымак болсо курсак тоёт эмеспи, бизде андай да жок эле. Күйөөм көп ичет. Такыр айлам калбай калганда мындан жарым жыл мурун ажырашып кеткем. Чынын айтсам, чыдай албай калдым. Өзүмө да, балдарыма да тынч жашоону кааладым. Ичкен адам белгилүү да, адамды кыжаалат кылат, тапкан акчасынын баарын ичип салат. Бир баштаса он күндөп токтобой кууп ичет. Күйөөмөн кеткенибизден кийин мен иштеп, 10-класстагы кызым сабактан кийин балдарды карап оокатыбыз өтүп аткан. Күйөөм балдарынан кабар да алчу эмес. Бир күнү дүкөнгө кеткем. Дүкөн алыс, үй менен аралыгы бир сааттык. Үйдө 7 жаштагы, 4 жаштагы жана кичине балам калган. Алар дайыма эле өздөрү калышчу, мен келгенче улуусу кичинелерин ойнотуп отура беришчү.

«Врачтар кызымдын тамагын тешип салышыптыр»

– Мен казан-аякты агартуучу чачма “Аврора” каражатын колдончумун. Аны балдарымдан алыс кармайын деп таштанды салган чака жактагы ящикке салып койгон элем. Мен кеткенде балдарым аны таап алышып, суу деп гүлдөргө чачып ойношуптур. Анан төрт жаштагы кызым оозун ачса, 7 жаштагы балам анын оозуна да чачкан экен, ичип алыптыр. Кенже кызымдын да мойнуна тийип, териси бир аз күйүп калыптыр. Мен дүкөндөн келсем кызым оозунан ак көбүк куюлуп жатыптыр. Сурасам «арак ичтим» деп коёт. 7 жаштагы баламан сурасам “Аврораны” көрсөттү, эсим чыгып дароо алып ооруканага чуркадым. Алып барсам кызымдын тамагы күйүп калган экен. Аны жуудуруп, ооруканага жатып калдык. Кызым жакшы эле болуп калган, 10 күндөн кийин “тамагына түтүк салып көрөлү” дешкен. Түтүктү өлчөмүнө карап күндө бирден салып туруш керек экен. Жалал-Абаддагы врачтар үч өлчөмдөгү түтүктү бир күндө салып коюшуп, тамагын тешип салышыптыр. Ошондон кийин тамак жесе өпкөсүнө кетип калып атат. Анын кесепетинен өпкөсү ириңдеп атат. Жалал-Абадда он күндөн ашык жатканда Бишкекке жиберишти. Бизге тамагын тешип койгондорун айтышкан эмес, Бишкекке келип билип отурабыз.

«Кызымдын тамагы айлап, жылдап бүтөт экен»

– Бишкектеги 3-балдар ооруканасына келип түштүк. Кызыма операция жасалып, тамактануу үчүн ашказанын тешип түтүк салышты. Учурда тамакты блендер менен майдалап, түтүк аркылуу ашказанына куям. Башында ооз менен тамак жейм деп ыйлачу. Эми тынчып калды. Ооруканада жатканыбызга эки ай болду. Кызымдын тамагы айлап, жылдап бүтөт экен, ага чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу керек. Кызымдын иммунитети, каны аз болуп, оору менен организми күрөшө албай жатат. Кудайдан кызымдын абалын тилеп эле олтурам. Энелер “Аврора” колдонбой эле коюшу керек экен, бул өтө кооптуу каражат турбайбы. Кызымды көрүп жүрөгүм жанчылат. Балдарымды 10-класстагы кызым карап үйдө. Күйөөмө чалсам мас, андан жардам жок. Акча жагынан кыйналып атам. Бир кезде кыздарыма жөлөк пул алчумун, кийин апамын колуна берсем, ал кишинин пенсиясы бар деп андан да кур калганбыз. Боорукер адамдардан жардам сурайт элем.

Элсом: 0772687651.

Кыргызстан коммерциялык банкы

Эсеп: 1033821100000237

000000570470

Алуучу: Чокоева Роза Койчубаевна

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: