22-январь күнү волейбол оюну боюнча эркектер арасында өлкө чемпионаты башталды. Быйыл эркектер арасындагы мелдеш Улуттук, Жогорку “А” жана “В” болуп бир учурда башталды. Жалпы жонунан 3 тур болот. Кайсы команда канча упай топтой алса, ошого жараша турнирдик таблицадан орун алып, өлкө чемпиондору аныкталат. Биринчи турда Улуттук лига боюнча EREM командасы 5 оюндан 15 упай менен, Жогорку лиганын “А” тайпасында 4 оюндан 9 упай топтой алган “Ош-Отор” жана “В” тайпасында 3 оюндан 9 упай топтогон “Аксы” курамдары алдыга озуп чыгышты.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ