Menu

Шашылыш билдирүү: Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

Бөлүшүү:

2018-жылдын 5-февралында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Тамчы участкасынын  74-78- чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

6-10-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы

6-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

6-февралда күндүз жана 7-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-февралда күндүз жана 8-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 8-февралда күндүз жана 9-10-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

11-12-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу

11-12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

6-8-февралда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-февралда түнкүсүн жаан-чачындын  ыктымалы аз.

6-февралда күндүз жана 7-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

7-февралда күндүз жана 8-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

6-8-февралда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.

7-февралда күндүз жана 8-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: