Menu

Жалал-Абад шаары өнүгүш үчүн 16 млн.доллар керек экендигин маалыдады.

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында инфраструктуралык кайра жаңыртуу жана шаардыктарга заманбап ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн даярдалган долбоорлордун жалпы наркы 16 миллион АКШ долларынан ашат. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салыжан Умаров билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн Экономика министрлигине 10 бизнес-долбоор даярдалып жөнөтүлгөн. Анын ичинен кайра иштетүү тармагына 8 бизнес-долбоор даярдалса, анын наркы 15 миллион 829 миң АКШ доллары жана 930 миң евро турат. Айыл чарбасы багытында 1,6 миллион сомдук, тейлөө тармагына 23 миллион 857 миң сомдук долбоорлор бар.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын бюджетинин эсебинен каржылана турган дем берүүчү гранттарды алуу үчүн атайын комиссия тарабынан шаар боюнча 15,7 миллион сомдук 7 долбоор тандап алынып, бизнес-долбоорлор Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине Жалал-Абад каржы башкармалыгы аркалуу тапшырылган.

Өткөн 2017-жылда мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн адистери, шаардын ишкана-мекемелеринин жетекчилери жана GIZ программасынын эксперттери менен биргеликте жалпы наркы 1 миллиард 116,5 миллион сомдук 9 инвестициялык долбоор иштеп чыгылып, алар Кыргыз Республикасынын областтагы өкүлчүлүгү, Экономика министирлигинин Түштүк регионалдык башкармалыгынын Жалал-Абад областы боюнча бөлүмү тарабынан Кыргыз-Орус өнүгүү фондусунун кредиттик бөлүмүнө, эл аралык финансы-кредиттик жана донор уюмдарына жөнөтүлгөн.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: