Ооба, байларыбыз арбын. Бирок, алардын баары эле таман акы, маңдай терлери менен байып кетишкен эмес. Мисалы, Өмүрбек Бабанов деген бизнесменибиз башка бирөөлөрдүн байлыгын тартып алуу, менчикке басуу, мамлекетке тиешелүү каражаттарды сол чөнтөккө солоо менен байыган. Арийне, мындай арам тамактарды кустуруу маалы деле алыс эмес экен. Апрель элдик төңкөрүштөн кийин коррупцияга каршы жасалган күрөш жемиштүү болуп, майда чиновниктерден баштап чоң «киттерге» чейин тиш салганына күбө болгонбуз. Жыйынтыгында бир нече алкымы бузук адамдар «кусуп», бюджетке миллиондогон сомдор кайтарылган. Ошол иштер бийликке болгон элдин ишенимин бекемдеп, оппозициянын демин суутту. Жаңы шайланган ажобуз да үгүт маалында коррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзөөрүн билдирип, Бабановдон баштарын ачык айткан. Бирок, шайлоо аяктаары менен Бабанов байлыгына карабай туруп качып кетти. Рейдерлик менен топтогон мүлкү ушу тапта али мамлекетке кайтарыла элек. Бул боюнча иштер жүрүп жатканын уктук. Эгер иштер адилеттүүлүк менен жүрсө Бабановдун байлыгы мамлекетке кайтарылып, башкалардын сугалактыгына да сабак болоор эле.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ