Menu

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровго туз суроо: Кызмат орундарын сатуу боюнча не деп үн катасыз?

Бөлүшүү:

Өлкөнүн ички тартибин камсыздап, элибиздин бейпил турмушунун камылгасын көрө турган Ички иштер министрлигинде ушу тапта «ириген саясат» жүрүп жатканын эшиткенибизге көп болду. Өзгөчө Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровго карата бир топ нааразычылыктар айтылып келет. Анткени так ушул мырза аталган тармактын «пачагын» чыгарып атыптыр. ИИМде иштеген чоңдор, облустун, райондун башчылары так ушул Данияр Абдыкаровго өз маалы менен «учурашып» турушат дешет. Эгер учурашпай калышса алар токтоосуз кызматтарынан айдалышат экен. Муну биз айтып жаткан жерибиз жок. Өз мезгилинде массалык маалымат каражаттарына Абдыкаров тууралуу кенен материалдар ИИМдин жумуштан айдалган кызматкерлери, тарабынан жарыяланган. Анда, Абдыкаров ар бир кызмат орунду соодалап 350 000 (үч жүз элүү миң) долларды бир көз ирмемде эле табаары жазылган. Маселен, кадр маселесин жалгыз өзү билген Данияр мырза ар бир опер кызматкерден 5000 доллар, ал эми район, облус башчыларынан 20000 – 40000 доллар алаары айтылган.

Мындан тышкары ММКлар «Камила Дүйшөбаеванын өлүмү так ушул Данияр Абдыкаровго барып такалат» деген соболдоруна да министрдин орун басары таптакыр үндөгөн жок. Жакында эле VIP-класстагы унаалардын уурдалышы да коомчулукта талкуу болуп, анын артынан да так ушул Абдыкаровдун кулагы чыкпадыбы. Эми болсо бул жигит министр болуу дымагы менен ар кайсы эшикти жыртып жүрүптүр. Собол туулат да…

—Данияр мырза, жел болбосо камыш башы шуудур этпегендей эле бул айтылган кептерде канчалык чындык бар? Сизди ИИМдегилер министр Исраиловду «чүлүктөп» алган дешет экен. Кандай жол менен мындай ийгиликке жетиштиңиз? Баса генерал-майор чинин алууга да үлгүрдүңүз. Кайсы эрдигиңиз же жаратмандыгыңыз үчүн? Кызмат орундарын сатып таап атат деген пулуңуз жардам бердиби? Айлыгы мышык ыйлагыдай абалда турган милицияны коррупцияга сизге окшогон жетекчилер тумчуктуруп аткан жокпу? Кызмат орундарын сатуу, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү, VIP-класстагы унаалардын уурдалышы боюнча эмне деп үн катасыз?Же башыңызды кумга тыгып, «Төө куш» кейпин киесизби?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: Де-Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: