Menu

Видео – Казак бийлиги валюта операцияларын көзөмөлдөөнү күчөтөт

Бөлүшүү:

Казакстандын төмөнкү палатасына “Валютаны иреттөө жана көзөмөлдөө жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору келип түштү. Казакстан Улуттук банкы капиталды өлкөдөн чыгарууга жол бербөө үчүн валюта операцияларын көзөмөлдөөнү күчөтүү ниетинде.

Формалдуу түрдө Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү алдында мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө зарылчылык жаралганы жүйө келтирилген. Чынында Казакстанда экспорттук-импорттук операциялар толук көзөмөлдөнбөйт.

Улуттук банк төрагасынын орун басары Олег Смоляковдун пикиринде, жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин каражатты өлкөдөн чыгарып кетүү оор болуп калат.

“Маселен, товар үчүн валюта кирешесин кайтаруу мезгили 6-9 ай десек, бул кадересе көрүнүш. Бирок эки жылдан ашып кетсе – алар күмөндүү операциялар болуп эсептелет”, -деди ал.

Банк маалыматына караганда, учурда экспорттук-импорттук операциялар боюнча карыз 53 млн. доллардан ашып кеткен, анын 35% кайтарылбай калуу коркунучунда. Бирок бул көрсөткүч мындан дагы жогору болушу мүмкүн.

Өткөн жылдын соңунда экспорттук-импорттук операциялар боюнча карыз 17 млрд. теңгени түзгөн.

Депутаттар мыйзам долбоорунда “күмөндүү” валюта операцияларын ким аныктап, кантип көзөмөл жүргүзөрү так жазылбай калганын сынга алышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: