Menu

Премьер-министр Сапар Исаков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен жолугушту.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына дейре КМШга мүчө-мамлекеттердин тарифтик саясатына ылайык, Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнүн станцияларына транзиттик багыт алган жана кайрадан артка ташылган жүктүн бардык түрүнө карата, бардык жүктү ташууда – 0,80 жана көлөмү 300 миң тоннадан ашканда 0,70 өлчөмүндөгү төмөндөтүлгөн коэффициенттер орнотулган.

«Мындан тышкары, 2018-жылга карата унаа жолдорун жана курулуштарын оңдоо жана тутунуу Планынын долбоору 1 894 813,4 миң сомдук бекитилген контролдук сумма алкагында иштелип чыккан. 2018-жылга карата титулдук тизмени түзүүдө 2017-жыл жана мурдагы жылдар үчүн 347 852,2 миң сом сом суммасында чогулган кредитордук карызды жоюу каралган, бул сумма 2018-жылдын 1-январына карата жалпы карыздын 85,7 % түзөт.
Буга катар 59 416,0 миң сом өлчөмүндөгү каражат жери жана мүлкү Түндүк-Түштүк унаа жолун куруу долбоорунун таасирине туш келген Жалал-Абад жана Нарын облустарынын тургундарына компенсация төлөө, жерди трансформациялоо максатында каралган. Кредитордук карызды жана компенсациялык төлөмдөрдү жоюунун натыйжасында, 2018-жылы асфальт бетон жана кара шагыл жабуусун төшөө иштери 2017-жылга салыштырмалуу азаят», – деди ал.

Өкмөт башчы Сапар Исаков белгилегендей, Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнүн станцияларына транзиттик багыт алган жүктүн бардык түрү үчүн тарифтердин төмөндөтүлүшү зарыл товардын түрүн кыска мөөнөттө жана ыкчам түрдө жеткирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

«Товарларды жана жүктү республикабыздын түштүгүнө Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуу – бул тез ишке ашырылчу, эң негизгиси, коопсуз ыкма болуп саналат. Анын жардамы аркылуу «Бишкек-Ош» унаа жолундагы трафикти кескин бошотууга мүмкүндүк түзүлөт, анткени учурда Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына ташылчу бардык товарлар аталган магистраль аркылуу унаа транспорту менен жеткирилет», – деп белгиледи Премьер-министр Сапар Исаков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: