Menu

Бизнесмен эл өкүлдөрүнүн эңсегени эмне?

Бөлүшүү:

Акчаны миллиондоп сапырган бизнесмендер эмнеге эле парла­мент депутаты болууга ашыгат деген суроонун аныгын кечээ жакында эки эл өкүлү ачыктап бергенсиди.

Бири Азамат Арапбаев деген де­путат. Миллиондорду сапырган бизнеси күйүүчү – майлоочу май менен байланыштуу. Өткөн жумада 2019-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстандын аймагында К5 классынан төмөн мунай заттарына таптакыр тыюу салуу мыйзамына караманча каршы чыгып, чындыкка коошпогон аргументтерин айтып алдастап жатты. К5 деген бул дүйнөлүк стандартка жооп берген, жогорку сапаттагы күйүүчү май. Арапбаев элдин ден соолугу, абанын тазалыгы үчүн анчейин башын ооруткусу келбейт. Бизнеси бир калыпта өнүгүп-өсүп турганы маанилүүрөөк окшойт.

Дагы бир Улан Примов деген кен иштетүү менен шугулданган депутат эки күн мурун жайлоолорду трансформациясы жок эле алтын казуу үчүн пайдаланууга берели деген оюн ортого салып, коомдук талкууга койду. Мында дагы «иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн» элибиз айттырбай эле билип жатат. Социал-демократтардын атасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы чакырылыштагы депутаттардын көбү бизнесмен, олигархтар экенин айтып, алардын эл үчүн жарытылуу иштеп бериши күмөн экенин айтканы бар. Кийинки парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесин кылдаттык менен өзү түзөөрүн да кошумчалаган.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: