Ош шаарында түзүлгөн “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү “Достук кербени” менен Жалал-Абад шаарына келишти. Жалпы 24 ыктыярчы жаштардан турган топ адегенде Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылында жайгашкан “Курманбек” баатырдын эстелиги менен таанышып келип, андан соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу корпустары, шаардагы тарыхый жайлар жана музейлерди кыдырууну пландаган.
-Жаштар арасында достук мамилени бекемдөө жана башка област-шаарлардагы тарыхый жайларга зыярат кылуу максатында “Достук кербени” түзүлгөн. Бул иш-чара 2016-жылдан бери болуп келет жана алгачкы кыдыруу Жалал-Абад шаарынан башталган. Андан кийин активисттер коңшу Казакстан өлкөсүнүн Алма-Ата шаарына 2 жолу, Өзбекстандын Ташкент шаарына да барып келишкен. Алдыда Кыргызстандын түндүк аймактарын кыдырууну пландаганбыз. Чындыгында Жалал-Абад шаарын көрө элек ыктыярчыларыбыз да бар эле. Ошондой эле, биздин бирикме өлкөбүздүн үч шаарына – Ош, Бишкек, жана Жалал-Абадга “Көчө китепканасын” ачкан элек. Жалал-Абаддагы көчө китепканасынын абалын көрүп, китептер азайып кеткен болсо, толуктап коюу үчүн китептерди көтөрүп келдик” – дейт “Инсан таануу” коомдук бирикмеснин мүчөсү Өмүрбек Жороев.
“Достук кербени” мындан ары Баткен шаарына барат. Андан ары түндүк аймагындагы областтарды жана шаарларды кыдырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ