Түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ