ИИМде жаңы бир катар кадрдык дайындоолор орун алды. Реформа кылабыз деп жатып анысынан кабар жок болуп, ишке ашпай бир топ сынга тушуккан ИИМ жаңы дайындоолор жыйынтык берет деген изги тилек менен бир катар ачендиктерди алмаштырып, жацыларын жармаштырды. Алсак ИИМдин криминалдык милиция кызматынын жетекчилигине Н.Болпоновдун ордуна Нурбек Абдиев дайындалса, Токмок шаардык ИИБнин чойкондогон жетекчиси Чойбековдун ордуна Садыков Жалил, Панфилов райондук ИИБнин жетекчиси Нусуповдун ордуна Өмүралиев Тилек дайындалды. Жакынкы күндөрү ИИМде өткөн жылды жыйынтыктап коллегия болоору күтүлүүдө. Мына ушул коллегиядан кийин бир топ ачендиктердин ордулары алмашып, ал эле эмес жетекчилик алмашып кетиши мүмкүн деген да кептер жүрүүдө.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ