Январдын аягындагы ызгаардуу суукка чыдай албай от казандары тоңуп, 1 миллионго жакын адамга кедергисин тийгизип, ыңгайсыздык жараткан ТЭЦти реконструкциялоого мурунку энергетика министри, азыркы депутат Осмонбек Артыкбаевдин салымы чоң экен. Дегеним, ошол кездеги министр эскилиги жеткен ТЭЦти Артыкбаев эч кандай тендери жок эле кытайлык кабель чыгарган ТВЕА компаниясына карматып жиберген. Болгону Кытай тарап кредит катары берген акчаны алардын жетегинен чыкпай, ушул компания курат десе ляппай деп макул болуп ишке киргизип жиберген.
Деги эле кредит катарында келген каражатты сарамжалдуу пайдаланууга бир дагы кыргыз чиновнигинин эрки жетпей койду. Ляппай деп эле кулдук уруп турганы турган. Жок, тендер өткөрөлү, ансыз деле үстөгү менен төлөйбүз, шарттарын карайлы дегендин ордуна алаканын ушалап, инвестор ыргыткан сөөккө ыраазы болуп эле жатып калышат. Мисалы ошол кезде ТЕЦти реконструкциялоого Кытай тарап сунуштаган 386 миллиондон кыйла эле арзан суммага оцдойбуз дегендер чыккан. Алардын сунушун эске албай куйтуланып туруп алышты. Жогорку Кеңешке чейин келип, тез арада бул маселени карап берип өткөрүп бергиле, болбосо акча күйүп кетет деп, ошол кездеги энергетика министри Артыкбаевдин буту күйгөн тооктой чуркаганын депутаттар айтып жатышат. ТЭОлорун тууралап келгиле деген эл өкүлдөрүнүн сунушун эске алганда мындай болбойт беле ким билет. Мына ушуларды эске алып, тиешелүү органдар Артыкбаевдин жоопкерчилигин караш керек.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ