Menu

Фотобаян – Премьер-министр Сапар Исаков МКК алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин иши менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 6-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин иши менен таанышты.

Өкмөт башчы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн сынак берүүчү класстарды жана унаа каражаттарын каттоо залдарын көрүп чыкты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев маалымдагандай, бүгүнкү күндө «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында жана айдоочулук күбөлүктү алгач ирет алууда сынак берүү жана кабыл алуу тутумун жакшыртуу жана автоматташтыруу максатында автомектептердин бардык түрү, ошондой эле айдоочулук курам тууралуу маалыматты камтыган айдоочулук курамды тестирлөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык жаңы тутум иштелип чыгып, ишке киргизилген.

Ал белгилегендей, аталган чара айдоочулук күбөлүк алууда коррупциялык тобокелдиктерди кескин кыскартууга мүмкүндүк берет, анткени, тестирлөөдө сынактын суроолору атайы тутум аркылуу тандоо түрүндө сунушталат жана сынак алуучулар тарабынан билет тандап алуу мүмкүндүгүн жоет.

Ошондой эле Дастан Догоев унаа каражаттарын каттоо иши “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашырылаарын, бул унаа ээлеринин ар кыл тейлөөлөрдү алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзөөрүн маалымдады.

Мындан тышкары, Премьер-министр автомобилдик Калкты тейлөө борборунун административдик имаратынын долбоору менен таанышты. Дастан Догоевдин айтымында, үч кабатттуу имараттын курулушу каралууда, анда айдоочулук күбөлүктү берүү жана унаа каражаттарын каттоо боюнча бардык зарыл кызматтар көрсөтүлөт. Буга катар анын аймагында автомектеп окуучуларына практикалык окууларды өткөрүү үчүн автодромдун курулушу каралууда.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте аталган долбоордун курулушу үчүн жер тилкесин бөлүү маселесин тыкыр иликтеп чыгып, Өкмөткө тийиштүү сунуш киргизүүсүн тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: